Кытайда бир айда коронавирустан 60миң киши өлгөн

 Кытайда декабрдын башында коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилгенден кийин COVID-19дан дээрлик 60 миңдей киши өлгөн. 

Бул тууралуу Кытай бийлиги билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы 8-декбардан 12-декабрь аралыгында COVID-19га байланыштуу себептер менен 59 938 киши өлгөнүн ырастоодо. Алардын арасынан 5503 адам коронавирус инфекциясынан дем алуу кыйындагандан улам көз жумган, калгандары – коронавирус инфекциясы башка ооруларды козгогондон улам каза болушкан.Бийликтин отчетунда бул “COVID-19 менен байланышкан өлүмдөр” ооруканаларда катталганы айтылат, демек, үйдө каза болгон адамдар статистикага кирбеген болушу мүмкүн, деп белгиледи AP агенттиги.

Буга чейин Кытай бийлиги пандемия башталгандан бери өлкөдө 5 миңдей киши көз жумганын, декабрда болсо 10го жетпеген өлүм катталганын кабарлаган. Өткөн аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Пекинди статистиканы ачык жарыялоого чакырган.

Bloomberg басылмасы Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып, декабрдын башынан бери өлкөдө коронавирусту 248 миллион киши жугузуп алганын жазган.

Дүйнөдө коронавирустун тарашы басаңдаганы менен кытай бийлиги вирус чыккан аймактар менен шаарларга катаал карантин чараларын киргизип келген.

Мындан улам Кытайдын бир катар шаарларында 26-27-ноябрь күндөрү буга каршы жапырт акциялар тутанган. Пекин массалык нааразылык акцияларынан кийин 7-декабрдан тарта COVID-19ду түп тамыры менен жоюу саясатын жеңилдетүүгө киришкен.

Комментарий жиберүү