Ливандан чет элдиктер массалык түрдө эвакуацияланууда

1-октябрдан бери Израиль Ливандын түштүгүндө “Хезболла” кыймылына каршы кургактан операция жүргүзүп, коңшу өлкөнү абадан бомбалоону улантууда, анда миңден ашуун адам, анын ичинде кыймылынын лидерлери каза болуп, 90 миңден ашуун качкынга айланды.

Израилдин операциясынын фонунда Ливандан он миңдеген адамдар чыгып кетүүдө. Мурда Ливанга качкан сириялыктар мекенине кайтып жатышат.

БУУнун маалыматы боюнча, Израиль Ливандагы Хезболланын буталарына сокку ура баштагандан бери кеминде 100 миң адам Сирияга качкан. БУУнун Качкындар боюнча агенттиги жана анын өнөктөш уюмдары чек ара өткөрүү пункттарына келгендерге тамак-аш, суу, жууркан менен камсыздап,  медициналык жардам көрсөтүүдө.

Сириянын борбору Дамасктын жанында баш калкалоочу жайлар түзүлдү. Сирияга кирип жаткандардын агымы токтой элек.

Ливандан чет элдиктер да массалык түрдө кетип жатышат.

РФ президент Владимир Путиндин тапшырмасына ылайык жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренковдун тапшырмасы боюнча Бейруттан Москвага ӨКМдин учагы менен 60 кишини, анын ичинде дипломатиялык кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүн эвакуациялады.

Нидерланды жума күнү Ливандан биринчи эвакуациялык рейс менен 185 кишини, анын ичинде мекендештерин жана башка өлкөнүн жарандарын эвакуациялаганын өлкөнүн тышкы иштер министри Каспар Велдкамп билдирди.  Эвакуациялангандардын ичинде Бельгия, Ирландия жана Финляндиянын жарандары да бар.

Велдкамп ишемби күнү да эвакуациянын экинчи рейси пландалганын кошумчалады.

Түштүк Корея Ливандан KC-330 аскердик учак менен 96 жаранын эвакуациялаганын Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Андан мурда шаршемби күнү президент Юн Сок Ёл аймактагы согуштук аракеттердин курчуп жаткандыгына байланыштуу Түштүк Кореянын жарандарын мекенине алып келүү үчүн аскердик транспорттук учакты тез арада жөнөтүүнү тапшырган. Шаршембиге карата Ливанда дипломаттарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кошпогондо, Түштүк Кореянын 130дай жараны бар.

Улуу Британия Ливандан 250 жаранын эвакуациялады, акыркы рейс Бейруттан 6-октябрда учуп кетет. Британиянын Тышкы иштер министрлиги Ливанда калган өз өлкөсүнүн жарандарын тез арада департамент менен байланышып, өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Испания жарандарынын биринчи тобун бейшемби күнү эвакуациялап, аскердик учак менен 250 кишини алып кеткен.

Германия дагы жарандарын эвакуациялоо үчүн транспорттук учак жөнөткөн.

Франция Ливандын жээктерине француз жарандарын өлкөдөн эвакуациялоо үчүн тик учак ташуучу кеме жана фрегат жөнөткөн, ошондой эле аймакка кошумча кемелерди жөнөтүүнү караштырууда, деп Le Journal du Dimanche (JDD) геизити булактарына таянуу менен маалымдады.

Шейшембиде Болгария 169 жаранын эки рейс менен эвакуациялады.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израилде Кыргызстандын 100гө жакын жараны, Ливанда 10 жараны бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине  билдирген. Анда Кувейттеги элчилик Ливандагы кыргызстандыктар менен байланышта экени белгиленген.

Комментарий жиберүү