Беларусь менен Иран аларга жасалып жаткан тышкы кысымга туруштук берип, окшош абалда туруп, кызматташтыкты өнүктүрүп жатыканына өкүнбөйт.
Бул тууралуу Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко Минсктеги Эгемендүүлүк сарайында Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан менен жолугушууда билдиргенин БЕЛТА жазды.
Анын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарында Беларусь менен Иран тууралуу жалган маалымат таратуу аракеттери көрүлүп жатат.
“Маалыматтык тиреш жүрүп жатат – биз муну түшүнөбүз, тажрыйбалуу адамдарбыз. Балким, маалыматтык согуштун элементтери менен да. Ошентсе да биз санкцияларга жана башка кысымдарга туруштук берип жатабыз”, – деп ишендирди беларус лидери.
Ал Беларусь жакында толук кандуу мүчө болгон БРИКС жана Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу жаңы уюмдар олуттуу түрдө күч алып жатканын билдирди.
«Иранга ШКУга кирүүдө бизге көрсөткөн зор колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет», – деди президент.
Беларуска чакыруу
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Беларустун лидери Ирандын президенти Масуд Пезешкянды республикага келип кетүүгө чакырды.
“Иран эли жакында чоң кырсыкты башынан өткөрдү – президентиңер каза болду. Бирок силер бул мезгилди эрдик менен басып өтүп, жаңы президентти шайладыңар. Сизди муну менен куттуктайм жана президентиңизге биз аны Беларуста күтүп жатканыбызды айтышыңызды каалайм”, – деди Лукашенко.
Өз кезегинде Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн Лукашенкого ыраазычылык билдирди.
Ал акыркы убакта ар кандай деңгээлдеги бир нече эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр болгонун эске салды.
Ахмадиан Лукашенконун Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен жолугушуусун өзгөчө белгиледи.
Ал ошондой эле беларусь лидерине Ирандын руханий лидеринин жана Ирандын азыркы президентинин ысык саламын жолдоду.
Белгилей кетсек, Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян 10-сентябрда Санкт-Петербургга россиялык кесиптешинин чакыруусу менен БРИКСтин жогорку өкүлдөрүнүн жыйынына катышуу үчүн барган.
Анын сапары үч күнгө созулуп, анын алкагында РФ президенти Владимир Путин жана Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен өзүнчө жолугушууларды да өткөрдү.