Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында испаниялык «Барселона» клубунун легендалары менен жолдоштук беттеште ойнойт.
Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
«30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 19:00дө «Барселона» футболдук клубунун ардагерлери менен Орто Азиянын футбол ардагерлеринин ортосунда беттеш өтөт. Орто Азия командасынын курамында Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров да ойнойт», — деп жазды Орунбеков.
Белгилей кетсек, «Барселонанын» жылдыздары Кыргызстанда үч күн, 28-августтан 30-августка чейин болот. Белгилүү футболчулардын арасында Роналдиньо, Ривалдо, Карлес Пуйоль, Хавьер Педро Савиола бар.
Алар испаниялык клубдун Жалал-Абаддагы академиясынын расмий ачылыш аземине катышып, Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрөт.