Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен 24-майда Сочиде жолугушаары маалым болду.
Бул тууралуу Путин өзү Кремлдеги чет мамлекеттердин элчилерине ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде билдирди.
“Орусия менен Кыргызстан соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү кызматташууда. Биз биргеликте евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошобуз. 24-майда Сочиде боло турган Президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда биз ушул темалардын бардыгы боюнча мазмундуу баарлашабыз », – деп белгиледи мамлекет башчысы.
Москва менен Бишкекти, Путин баса белгилегендей, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери бириктирип турат.
“Биз бири-бирибизге өз ара ишенебиз жана сыйлайбыз. Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых барактары бириктирип турат, биз өз ара ишенимди жана бири-бирибизге болгон сый-урматты сезебиз”,- деп кошумчалады Владимир Путин ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы Элчиси Гүлнара-Клара Самат 18-майда Кремлде өткөн атайын аземде Путинге Ишеним грамотасын тапшырган.