Канга боёлгон Палестина: Газа тилкесиндеги абадан урулган соккулардын курмандыктары (ФОТО)

Согуштун үрөй учурарлыгын түшүнүү жана сезүү үчүн – курман болгондордун, жаракат алгандардын же ата-энесиз калган балдардын жана кайгыга баткан адамдардын сүрөттөрүн көрүү жетиштүү болот.

Бүгүн бири-бирине абадан сокку уруп жаткан Израиль менен Палестинанын жаңжалында бир гана имараттар жана инфраструктуралар талкаланган жок, ошол эле учурда эки тарапта тең жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылууда. Газанын түндүгүндөгү суу тазалоочу жайлардын талкаланышынан улам 250 миң адам ичүүчү суусуз калышты.

Акыркы маалыматтар боюнча эскалация башталгандан бери Газа секторуна жасалган чабуулдарда 237 адам, анын ичинде балдар курман болуп, 6000ден ашууну жаракат алды. Балдардын көпчүлүгү күйүк алып, айрымдары колу-бутунан айрылышкан.

Согуш эч качан кооз жана гумандуу болбойт. Sputnik Армения сайтынын фото түрмөгүндө көрсөтүлгөн ар бир сүрөттүн өзүнчө кооз эмес жана гумансыз окуясы бар. Бирок согуштан башка сүрөттөр болбойт…

Белгилей кетсек, 8-майга караган түнү Чыгыш Иерусалимде палестиналыктар менен Израиль полициясынын ортосунда ири кагылышуу болгон. Толкундоолор бир эле учурда эки жерде башталган: Храм тоосунун жанында жана Шейх Жаррах кварталында. Ал жерде Израил сотунун чечими менен бир нече араб үй-бүлөлөрү чыгарылууда. Анын натыйжасында нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка чейин жеткен.

Израиль менен Палестинанын Газа тилкесинин чек арасындагы кырдаал дүйшөмбү күнү кечинде курчуп, эки жак бири-бирин ракета менен аткылоону баштаган.

Комментарий жиберүү