Садыр Жапаров Путин менен 24-майда жолугушат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен 24-майда Сочиде жолугушаары маалым болду.

Бул тууралуу Путин өзү Кремлдеги чет мамлекеттердин элчилерине ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде билдирди.

 “Орусия менен Кыргызстан соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү кызматташууда. Биз биргеликте евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошобуз. 24-майда Сочиде боло турган Президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда биз ушул темалардын бардыгы боюнча мазмундуу баарлашабыз », – деп белгиледи мамлекет башчысы.

Москва менен Бишкекти, Путин баса белгилегендей, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери бириктирип турат.

 “Биз бири-бирибизге өз ара ишенебиз жана сыйлайбыз. Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых барактары бириктирип турат, биз өз ара ишенимди жана бири-бирибизге болгон сый-урматты сезебиз”,- деп кошумчалады Владимир Путин ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы Элчиси Гүлнара-Клара Самат 18-майда Кремлде өткөн атайын аземде Путинге Ишеним грамотасын тапшырган.

Комментарий жиберүү