Ооганстанга АКШнын ордуна Кытай келет

АКШ Ооганстандан чыгып кеткенден кийин Кытай оогандыктарга террорчулук менен күрөшүүгө жардам берет.

Белгилей кетсек,  Кытай жана Ооганстандын тышкы иштер министрлери Ван И менен Мухаммад Ханиф Атмар өлкөдөн америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин Ислам Республикасынын аймагындагы террордук чабуулдарды токтотуу жана туруктуулукту камсыздоо максатында телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө белгиленгендей, Ван И өлкөнүн «тынчтык процессинде алдыңкы ролду ойногон ооган өкмөтүнө мындан ары да колдоо көрсөтөөрүн тастыктады.

“Мен ооган бийлиги орточо мусулмандардын стратегиясын карманып, тынчтык дипломатиясын өркүндөтүп, коңшу мамлекеттер менен достук мамилелерди сактап калат жана террорчуларды жок кылат деп ишенем”,- деди Кытай министри.

Эске салсак,  Вашингтон 1-майда Ооганстандан аскердик контингентин чыгарып кете баштаган. Бул процессти 11-сентябрга чейин аяктоо пландаштырылууда.

Комментарий жиберүү