Садыр Жапаров «Ысык-Көл» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушуна старт берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салып, ага старт берди. 

Долбоорго ылайык, аэробекет ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer E170/E175 жана алардын аналогдору менен келген жүргүнчүлөрдү тейлөөгө ылайыкталган. 

Жаңы аэробекеттин 3 кабаттуу имаратынын аянты 18 424,5 м2 түзүп, ал саатына 450 жүргүнчүнү тейлейт. Учурда өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 адамды түзөт. 

Жаңы комплекстин биринчи кабатында жүргүнчүлөрдү кабыл алуу залы, бажы жана паспорттук контролдоо аймагы, келген жүргүнчүлөрдү кабыл алуу залдары, багаж берүү залы, VIP/CIP каттоо, учуп келүү жана учуу зонасы, экинчи кабатында бажы жана паспорттук контролдоо аймагы, жүргүнчүлөрдү жөнөтүү залдар, техникалык бөлмөлөр, кызматтык жайлар, кафетерий, алымсыз дүкөндөр, ал эми үчүнчү кабатында жөнөп кетүү зоналар, административдик жайлар ж.б. жайгашат, деп күтүлүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаңы аэробекет аба каттамдары менен жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу, Кыргызстанга, анын ичинде Ысык-Көлгө келип-кеткен жүргүнчүлөр менен меймандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында курулганы турганын белгиледи.

Ал аэробекеттин жаңы имаратынын курулушун каржылоо маселеси, туура жолго салынган башкаруунун натыйжасында “Манас” эл аралык аэропортунун өздүк каражатынын эсебинен ишке ашырылып жатканын баса белгилей кетти.

“Аба каттамдарын, жүк ташууларды уюштуруу тутумунда аэробекеттин ролу өтө чоң. Аба каттамдары аркылуу дүйнө жүзү менен байланыштарыбызды арттырып, ички коммуникацияны күчөтүүгө түрткү берет. Жарандык авиациянын негизи катары аэробекеттер өлкөнүн транспорттук инфратүзүмүн өркүндөтүүнүн ажырагыс бөлүгү катары кызмат кылат. Мындан сырткары, ушул сыяктуу долбоорлор туризмди алдыга жылдырууга кыйла таасир этет”, – деди Садыр Жапаров.

Кыргыз меймандостугу жөнүндө айтып жатып, Президент Кыргызстанга аба транспорту менен келген коноктор үчүн өлкөнүн аба дарбазасы катары кабылданган аэропорттордун ролун белгиледи.

““Эшигин көрүп, төрүнө өт” дегендей, аэробекеттер жайгашкан аймагынын эле эмес, бүтүндөй мамлекетибиздин жүзү катары каралышы зарыл. Аэропорттор аркылуу меймандар бүткүл Кыргызстандын кооздугу менен меймандостугун сезе алышат”, – деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы учурда Казармандагы, Таластагы, Кербендеги аэропорттор курулуп, модернизацияланып жатканын жана күзүндө ишке бериле турганын эске салды. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарында жаңы аэропорт курулат, эскиси башка социалдык максаттарга багытталат.

Президент 2024-жылдын жазында жаңы аэробекеттин курулушун баштоону жана аны жыл аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Комментарий жиберүү