Пакистан Индияга нааразылык нотасын берди.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө бейкүнөө жарандардын бутага алынышы айыпталганы жана тышкы иштер министрлигине чакырылган жогорку даражалуу индиялык дипломатка нааразылык нотасы берилгени белгиленди.

Индиянын Кашмир көзөмөл сызыгында ок атышпоону бузуу менен себепсиз ачкан окто Пакистандан 2 жарандын каза болушунан кийин Пакистан Жаңы Делиге нааразылык нотасын берди.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө бейкүнөө жарандардын бутага алынышы айыпталганы жана тышкы иштер министрлигине чакырылган жогорку даражалуу индиялык дипломатка нааразылык нотасы берилгени белгиленди.

Билдирүүдө жарандарды бутага алуунун адамдык ар-намыска жана эл аралык укукка каршы келери баса белгиленип, Нью-Делиден ок атышпоону урматтоосу, окуяны иликтөө жана көзөмөл сызыгында тынчтыкты сактоо талап кылынды.

Пакистан армиясы Индиянын Кашмир көзөмөл линиясында себепсиз ачкан октон 2 пакистандык жарандын каза болгонун жарыялады.

Комментарий жиберүү