ПРООН жана KOICA Баткен облусунун суу көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөт

Баткен облусунун аймагында климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу ири долбоор ишке ашырылат.

Баткен облусунда климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу ири долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Мындай мүмкүнчүлүк президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров баштаган топтун KOICA уюмунун климат департаментинин директору Жихи Ким жана ПРООНдун Кыргызстандагы кеңсесинин экология, климаттын өзгөрүүсү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Лира Жолдубаевалар жетектеген делегация менен болгон жолугушуусунда талкууланды.

Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушууда “Жашыл Климат” фондунун алкагында ишке ашуучу долбоор тууралуу сөз болду.

Белгилей кетсек, ПРООН жана KOICA уюмунун биргелешкен аракети менен Баткен облусунун аймагында климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу ири долбоорду ишке ашыруу аракеттери көрүлүүдө. Аталган долбоордун алкагында аймакка 50 млн долларга чейин каражат каралары күтүлөт.

Бул долбоорго Баткен жана Лейлек райондорунун бир катар айыл өкмөттөрү пилоттук негизде тандалууда. Долбоордун алкагында аталган аймактарда суу таңкыстык көйгөйүн жеңилдетүү маселелерине көңүл бурулат.

Сууну үнөмдүү пайдалануу, тамчылатып сугаруу ыкмасын жайылтуу, суу жетпеген дың жерлерди өздөштүрүү каралууда.

Адистердин айтымында климаттын өзгөрүүсү менен жыл сайын аймакта сугат суунун азайуусу байкалууда.

Бул глобалдык маселенин кесепеттерин алдын алуу максатында, “Жашыл Климат” Фонду менен кызматташуу аркылуу кечиктирилгис чараларды көрүү белгиленген.

Мындан улам учурда бул багытта иш чаралар планы боюнча билдирменин үстүндө иш алып барууда.

Тимур Мадяров өз сөзүндө президенттин “Экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Айыл чарба министрлиги жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте, аталган долбоорду ишке ашырууда максаттуу иш алып барыларын белгиледи.

Белгилей кетсек, мындай климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча долбоор буга чейин ПРООН тарабынан Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында, Ас-Сафа кайрымдуулук уюму тарабынан Кара-Бак айыл аймагында ийгиликтүү ишке ашкан.

Комментарий жиберүү