Иран Батыштын катаал санкцияларына карабай 5 миллиондон ашуун качкынга башпаанек берген

Иран Батыш өлкөлөрү киргизген катаал санкцияларга карабай 5 миллиондон ашуун качкынга башпаанек берген.

Бул тууралуу Ирандын Ички иштер министри Ахмад Вахиди Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө карата өткөн иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ал өз сөзүндө Ирандын кучагы ар дайым муктаждарга ачык болуп, иран эли бул маселеге дайыма көңүл буруп келгенин баса белгиледи. Анын айтымында, Иран акыркы 44 жылда өз өлкөлөрүнүн кетүүгө аркасыз болгон ондогон өлкөлөрдөн, анын ичинде Ооганстандан качкындарды кабыл алган.

“Качкындар кайдан чыгышат? Аларга таңууланган согуштардан жана режимдерден чыгат. Батыш өлкөлөрүндөгү качкындардын абалын көрүп жатабыз. Алардын канчасы Жер Ортолук деңизге чөгүп кетти? Качкындарга жана жер которгондорго ушундай мамиле кылууга болобу? АКШ президентинин Мексика чек арасында качкындарга жасаган иш-аракеттери жана энесинен ажыраган балдардын азабы эсиңиздерде болсо керек. Бул этикага жана адам укуктарына туура келеби? Эми ошол эле мамлекеттердин адам укугу тууралуу айтып жаткандары кызык “, – деди ирандык министр. 

Анын айтымыда, алардын жер которгондорго жана качкындарга жасаган мамилеси айыпталышы керек. Анткени качкындардын көбү ошол эле батыш өкмөттөрүнүн саясатынын натыйжасы.

“Качкындар маселеси кимдин саясатынын натыйжасы? Бир нече миллион палестиналыктардын жер которуусуна ким себепкер болду? Эмне үчүн бул маселелерге көңүл бурулбайт? Сириялык качкындар да террорчуларды колдогондордун натыйжасында жаралган, эмнеге буга эч ким көңүл бурбайт? Террорчулардын айынан жер которууга аргасыз болгон Сирия элинин эмне күнөөсү бар?”, – деген Вахиди.

Ал Иран Батыш өкмөттөрүнүн катаал санкцияларына карабай 5 миллиондон ашык качкынды кабыл алганын, бул үчүн Иранга адам укугу боюнча медаль берсе да болорун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Иран эң көп качкын кабыл алган өлкөлөрдүн катарына кирет. Ооганстандан эле 4,5 миллион качкын кабыл алган.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, 2014-жылдан бери азыркы тапка чейин Жер Ортолук деңизи аркылуу Европадан баш паанек табууну көздөгөн  25 миңден ашуун мигрант каза болгон.

Комментарий жиберүү