Францияда башаламандык басаңдай элек. 400дөн ашуун киши кармалды

Францияда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин башталган башаламандыкта 400дөн ашуун киши кармалды. Бул тууралуу Figaro басылмасы ички иштер министрлигиндеги булактарга таянып жазды.

Жумага караган түнү жалпы 421 тартип бузуучу кармалган, алардын көбү 14 жаштан 18 жашка чейинки жаш өспүрүмдөр. https://t.me/rt_russian/163939?embed=1

Башаламандыктардын чыгышына 27-июнда Париждин четиндеги Нантер шаарында 17 жаштагы өспүрүмдүн полициянын колунан каза табышы себеп болду.

Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэл аттуу өспүрүм тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары аны аткан 38 жаштагы полиция кызматкери камакка алынганын кабарлашты.

Натыйжада Франциянын бир катар шаарларында баш аламандыктар башталып, алар бир нече күндөн бери уланып жатат. Жаштар унааларды, полициянын жана бийлик органдарынын имараттарын өрттөштү. Бир катар шаарларга полициянын атайын күчтөрү жайгаштырылып, бронетранспортерлер жана тик учактар ​​тартылган.  Тартип сакчылары башаламандыкка катышкандарды көздөн жаш агызуучу газ жана үн чыгаруучу гранаталар менен кууп жатат. Алар бир нече жолу желим окторду дагы колдонгон. 

Оверн-Рон-Альп районуну бийликтери массалык башаламандыктан улам бир катар чектөө чараларын киргизди. Тактап айтканда, күйүүчү майды куюп сатууга жана сактоого, кислоталарды, тез күйүүчү заттарды, химиялык заттарды жана жардыргыч заттарды ташууга тыюу салынды.

Мындан тышкары, фейерверктерди жана пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга, ошондой эле курал-жарактарды же куралдын ролун аткара турган буюмдарды сактоого тыюу салынды.

Ал эми Кламар, Компьен шаарлары ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн 16 жашка чейинки жашы жете электер үчүн 3-июлга чейин түнкү коменданттык саат киргизди.Франциянын бийлиги бул окуяны акыйкат иликтөөнү талап кылып, жарандарды “тынчтанууга” чакырды.

Президент Эммануэль Макрон кейип турганын айтып, зордук-зомбулукту токтотууга жана “адилеттик жеңип чыгышы үчүн” элди сабырдуулукка чакырды. Ал ошондой эле окуяны тез арада иликтөөнү талап кылды.

Комментарий жиберүү