Россиянын президенти Путин Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Палестинанын лидери Аббас Россия башкаруусунун 24 –  июндагы окуяларда конституциялык тартипти жана мыйзамды коргоого карата таштаган кадамдарына толук колдоо бергендигин билдирди.

Россиянын президенти Владимир Путин Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кремлден берилген маалыматка караганда Палестинанын лидери Аббас Россия башкаруусунун 24 –  июндагы окуяларда конституциялык тартипти жана мыйзамды коргоого карата таштаган кадамдарына толук колдоо бергендигин билдирди. 

Эки лидер сүйлөшүүдө Россия менен Палестинан ортосундагы карым  – катнаштарды мындан ары өнүктүрүү боюнча пикирлерин билдиришти. 

Орус тарабы Палестина  –  Израиль кризисине учурдагы эл аралык мыйзамдын негизинде адилеттүү жана улантууга боло турган чечүүчү жолдун табылышы боюнча өз позицияларын такташты.

Президент путин Аббасты жана бардык Палестина калкын Курман айты менен куттуктады.

Путин менен Аббас жолугушууларды  улантуу боюнча макулдашты.

Комментарий жиберүү