Сириянын президенти Россияга эмнеге барды?

 Сириянын президенти Башар Асад 2021-жылдын күзүнөн бери биринчи жолу Россияга расмий сапары менен келип, Владимир Путин менен жолугушту.

Сириянын экономика, коргоо жана каржы министрлери кирген делегацияны Внуково өкмөттүк терминалынан Россия президентинин Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча атайын өкүлү, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов тосуп алды.

Асаддын Россияга сапары биринчи жолу ачык жана реалдуу убакыт режиминде чагылдырылды – буга чейин Батыштын санкцияларында турган Сирия лидеринин сапарлары жабык мүнөздө болгон. Асад акыркы жолу Москвага 2021-жылдын 13-сентябрында келген. Ошол эле күнү кечинде ал Кремлде Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, бирок жолугушуу тууралуу билдирүү эртеси күнү жарыяланды. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков түшүндүргөндөй, Сирия президентинин сапары тууралуу билдирүү коопсуздук максатында Асад Дамаскка кайтып баргандан кийин таратылган.

Сапардын ачыктыгы “Асад коркунучта эмес экендигин визиттерди жашыруун даярдоонун мааниси жок” экенин көрсөтүп турат, – деп түшүндүрөт Россиянын Эл аралык иштер боюнча кеңешинин эксперти Кирилл Семёнов.

“Жалпысынан Асаддын душмандарынан да достору көп болуп калды, ал сапарларга жайбаракат чыга алат” деди ал РБКга.

«Сапар чындыгында символикалуу. Сапардын күнү да кыйла маанилүү болуп тандалган – 15-март 12 жылдан бери уланып келе жаткан Сириядагы жаңжалдын башталган күнү болуп эсептелет”, – деп түшүндүрдү РБКга Россиянын Эл аралык иштер кеңешинин программалык координатору Иван Бочаров.

Анын пикиринде, Москва менен Дамаск аяктай элек жаңжалдын шартында орус-сириялык мамилелердин маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилөөнү чечишкен.

«Кандай болсо да, Сирия Жакынкы Чыгыш багытынын негизги элемент бойдон калууда. Учурдагы кризистин фонунда бул аймактын Россиянын тышкы саясатындагы мааниси да өсүүдө», – деди Бочаров.

Асаддын Украина боюнча позициясы

Путин менен сүйлөшүүлөрдүн алдында Асад Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду.

Кремлдеги жолугушуунун башында Путин “биргелешкен күч-аракеттердин жана Сириядагы орус куралдуу күчтөрүнүн чечүүчү салымынын аркасында эл аралык терроризмге каршы күрөштө олуттуу натыйжаларга жетишилди” деп билдирди. (Россия Дамасктын расмий өтүнүчү менен 2015-жылдан бери Сирияда аскердик операция жүргүзөт).

Орус президенти ошондой эле февраль айында Сирия менен Түркияда 50 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөөдөн кийин Россия көрсөткөн жардамды да эске салды.

“Биз, чыныгы достордой сизди колдоого аракет кылып жатабыз”, – деди Путин Асадга.

Асад Сирия менен Россиянын тиешелүү министрликтеринин ортосунда акыркы үч күндө өткөн жолугушуулары акыркы жылдардагы эң мыкты жолугушуулар болгонун айтты.

«Бул жолу эки тарап тең жетишкен жыйынтыктар биздин каржылык-экономикалык мамилелерибизди колдоого, ураандардын деңгээлинде эмес, иш жүзүндө көбүрөөк ишке ашырууга жардам берет», – деди ал.

Сириянын президенти ошондой эле Россиянын Украинадагы аскерий аракеттерин колдоорун билдирип, алар Москванын Сириядагы жөнгө салуудагы позициясын бузбаганын белгиледи.

“Украинадагы атайын операция башталгандан берки биринчи сапарым болгондуктан, учурдан пайдаланып,  неонацисттерге жана эски нацисттерге каршы атайын операцияны колдоо боюнча Сириянын позициясын кайталагым келет. Мен “эски” жана “жаңы нацисттер” деп айтып жатам, анткени Батыш эски нацисттерди өз жеринде кандай кабыл алган болсо, азыр да аларды колдоп жатат, – деди Асад.

Сапардын максаты

Эксперт Семёновдун  айтымында, Сирия президентинин кээ бир араб мамлекеттери менен мамилеси нормалдашканы менен тышкы саясат чөйрөсүндө көп өнөктөштөрү жок жана анын Москвада расмий кабыл алынышы Асад бул жерде маанилүү өнөктөш катары кабыл алынганын көрсөтүп турат.

“Асад үчүн анын Москванын тышкы саясат чөйрөсүндөгү ролу атайын аскердик операциянын жана санкциялардын фонунда жогорулаганы абдан маанилүү”, – деп түшүндүрдү эксперт.

Москва Жакынкы Чыгыш маселесин жөнгө салууга олуттуу көңүл бурууну улантып жатканын жана Сирия-Түркия мамилелеринин нормалдашуусуна колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр экенин көрсөтүүгө ниеттенип, Дамаскты буга стимулдайт, дейт эксперт.

«Экономикалык факторлорду да жокко чыгарууга болбойт. Россия Сирияны калыбына келтирүү процессине активдүү катышууга даяр. Эгерде мурда санкциялар боюнча көйгөйлөр болсо, азыр алар жок, анткени россиялык компаниялар жана банктар өздөрү санкция астында. Бул жагынан алганда, тобокелдиктер аз болуп калды”, – деп түшүндүрдү Семенов.

Асаддын Москвага сапары Россиянын Сириядагы саясий процесске катышуусун көрсөтүү үчүн керек болчу, – дейт Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун Эл аралык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Артем Адрианов.

“Россия Украинадагы аскердик окуялардын фонунда Сириядан кеткен жок, мамилелерин өнүктүрүүнү улантууда. Күзүндө күйүүчү май кризиси болуп турганда Сирияны экономикалык жактан колдобогону үчүн Россиянын дарегине сындай айтылган. Сириянын президентин чакыруу Россия дагы деле аны колдой турганын жана союздаштык милдеттенмелерин бузбай турганын көрсөтүүгө багытталган”, — деди Адрианов РБКга.

Ал эми Бочаров Сириядан кетүү тууралуу сөз кылууга эч кандай негиз жок экенин белгилейт. Россиянын Сирия багытындагы узак мөөнөттүү саясатынын негизги элементтери сакталууда. Сирияда Тартустагы деңиз базасы жана Хмеймим аба базасы ишин улантууда. Аскердик контингенттин олуттуу кыскарышы тууралуу маалыматтар жок.Анын пикиринде, бул сапар Сирия үчүн маанилүүрөөк, анткени өлкөдө күйүүчү май кризиси жүрүп, инфляция өсүп, азык-түлүктүн баасы кыйла жогору бойдон калууда.«Сапардын ыктымалдуу максаты – каржылык жана энергетикалык жардам алуу. Бул азыр Сирия үчүн өтө маанилүү», – деп сөзүн жыйынтыктады Бочаров.Белгилей кетсек, мамлекет башчыларынан тышкары сүйлөшүүлөдү Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Сириянын коргоо министри Али Махмуд Аббас да өткөрдү. Эки мамлекеттин аскер ведомстволорунун башчылары Сириядагы кырдаалды талкуулап, Россиянын Сириядагы аскерий операциясы башталгандан бери Дамаск  террорчулардан жана экстремисттерден бошонууда чоң ийгиликтерге жетишкенин белгилешти.Сириядагы согушСирияда согуш 2011-жылы башталган. 2015-жылдын август айында өлкө президенти Башар Асад Россияга кайрылып, аскердик жардам сураган.

Россия Сириядагы эл аралык террордук топторго каршы операцияларды 2015-жылдын сентябрында баштаган. Анда Россиянын аба күчтөрү террордук куралдуу түзүлүштөрдүн буталарына сокку ура баштаган. Натыйжада террордук тобу (Россияда тыюу салынган уюм) катуу соккуга учурап, 2017-жылдын соңунда “Ислам мамлекети” жеңилгени жар салынган.Россиянын Жакынкы Чыгыштагы аскерий болушу аймактагы күчтөрдүн тең салмактуулугун сактоого мүмкүн болду, Сириядагы жарандык согуш ушул этапта негизинен аяктады жана бул мамлекеттин кыйрашынына алды алынды. Сириядагы эки орус аскер базасынын туруктуу жайгашуусу маанилүү болду. Алардын бири, Хмеймимде — бардык типтеги учактарды кабыл алууга жөндөмдүү биринчи класстагы аэродром. Экинчиси – Тартуста жайгашкан дагы бир аскер базасы ондогон кемелерди жайгаштырууга мүмкүндүк берген акыркы жабдыктары бар жабык акватория болуп саналат.ИМ террордук уюму жеңилгенине жана Башар Асаддын ички душмандары олуттуу түрдө алсыраганына карабастан, Сириядагы эң көп түрдүү күчтөрдүн жана топтордун тирешүүсүнө себеп болгон түпкү себептер менен карама-каршылыктар акыры жок болдубу белгисиз. Келечекте Сирия калкынын ар кыл катмарларынын кагылышуусу мүмкүнбү деген суроого так жооп да айкын эмес. Сирияда күрт маселеси да эч жерге кеткен жок. Америкалыктар дагы эле республиканын аймагында калууда.БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын 2021-жылдагы доклады боюнча Сирияда жаңжалында 2011-жылдын 1-мартынан 2021-жылдын 31-мартына чейинки аралыкта жаңжалда 306 887 жай тургун курман болгон. 

Комментарий жиберүү