Иран, Россия жана Кытай Оман булуңунда деңиз машыгууларын баштады

 Россия, Иран, Кытай жана башка өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрү 15-мартта Оман булуңунда биргелешкен аскердик машыгууларды баштады. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги билдирди.

«15-марттан 19-мартка чейин Кытай, Иран, Россия жана башка мамлекеттердин деңиз күчтөрү Оман булуңунда “Деңиз коопсуздук алкагы-2023” аттуу биргелешкен деңиз машыгууларын өткөрөт», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Машыгуу планы үч өлкөнүн 2019-жылы жана өткөн жылдагы буга чейинки эки деңиз машыгууларынын негизинде иштелип чыккан. Ага Кытай тараптан «Наннин» эсминеци катышууда.

“Бул машыгуулар катышуучу өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрүнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жардам берип, деңиз коопсуздугун биргелешип сактоого жана деңизде жалпы келечектин коомчулугун жигердүү курууга даярдыгын жана жөндөмдүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтөт, ошондой эле аймактык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө позитивдүү энергия берет”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Машыгууда эл аралык кемелердин коопсуздугун камсыздоо жана деңиз каракчыларына каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгат.

Өткөн жылдын январында Ирандын Чахбахар портуна Тынч океан флотунун кемелер отряды: «Варяг» ракеталык крейсери, кемелерге каршы «Адмирал Трибутс» ири кемеси жана  “Борис Бутома” ири танкери токтотулган.

Эске лсак, өткөн февраль айынын аягында Инди океанында Россия, Кытай жана Түштүк Африканын биргелешкен машыгуулары өткөн.

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы ролун төмөндөтүү

Россия Кытай, Иран жана башка өлкөлөр менен биргеликте АКШнын Жакынкы Чыгыштагы ролун төмөндөтүү боюнча иш алып барып жатканын Каржы университетинин доценти Геворг Мирзаян Life.ru сайтына өтүп жаткан машыгуулар боюнча коммерий берип жатып билдирди.

“Москва, Пекин жана Тегеран Жакынкы Чыгыштын эксклюзивдүү америкалык платформасынан инклюзивдик платформага өтүү менен алектенүүдө, анда башка бир катар өлкөлөр анын ичинде Кошмо Штаттарда иш алып бара алат. Саясий көз караштан алганда, бул процесске Сауд Аравия менен Ирандын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди уюшкан түрдө калыбына келтирүү да жардам берүүдө.  Россия өз кезегинде Москва-Дамаск-Анкара жана Тегеран форматында сүйлөшүүлөрдү уюштуруу менен чоң саясий салым кошууда”,-деди Мирзаян.

Анын айтымында, мындай машыгууларды өткөрүү Москва менен Пекин ишенимдүү саясий кепил гана эмес, аскердик кепил да боло аларын көрсөтөт.

“Биз Жакынкы Чыгыштын мейкиндигин, өзгөчө соода жана суу жолдорун коргоонун күчүн жана жөндөмүн көрсөтүп жатабыз. Бул Москва менен Пекин эксклюзивдүүлүктү талап кылбаган шарттарда талап кылынган функция жана бул мыкты иштелген стратегия”, – деди эксперт.

Перс булуңун көз карандысыз кылуу процесси активдүү баскычка чыга баштады

Россия илимдер академиясынын Коомдук илимдер боюнча илимий маалымат институтунун Жакынкы жана постсоветтик Чыгыш бөлүмүнүн илимий кызматкери Василий Останин-Головнянын айтымында,  Перс булуңун көз карандысыз кылуу процесси активдүү баскычка чыга баштады. Анткени узак убакыттан бери бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын Сауд Аравия менен Ирандын тиреши аныктап келген.

«Тегеран менен Эр-Рияддын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин жакында калыбына келтирилиши АКШга каршы кадам жасоого мүмкүндүк берет. Вашингтон эчак эле булуңду америкалык зонага айландырып, мамлекеттердин бири да чечүүчү ролду ойной албаган туңгуюкту жаратты. Сауд Аравиянын макулдугу болбосо, бул машыгуулар Перс булуңунда башталмак эмес. Буга Россия да, Кытай да жигердүү салым кошту”, – деп эсептейт чыгыш таануучу.

Анын айтымында, Иран менен Сауд Аравиянын Россия жана Кытай менен өз ара аракеттенүүсүн тең салмактоо менен  региондук эмес акторлор менен мамлекеттер аралык мамилелердин жаңы байланышы түзүлүүдө. Ал аймактын мунай мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын салттуу конфликттик мүнөзүн таразалашы мүмкүн.

Комментарий жиберүү