Орозо качан башталат?

 2023-жылдагы ыйык Рамазан айы 23-мартта башталат.

22-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.

Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле”, – деп буйруган (Сахих муслим, 1081).

1. 2023- жылдын 23-март күнү Рамазан айынын биринчи күнү болуп бекитилсин.

2. 2023-жылдын 22-мартында өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы башталсын.

3. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелинет.

Муфтият жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экенин эскертти.

Комментарий жиберүү