Жарым миллион адам көчөгө чыкты. Израилдин тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы

 Израилде соттук реформага каршы митингге 500 миңдей киши чыкты. Бул өлкө тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы болуп калды.

Бул тууралуу Times of Israel басылмасы акциянын уюштуруучуларына таянуу менен жазды.

Израилдиктер премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуштап жаткан соттук реформага каршы  нааразычылык акцияларын 10 аптадан бери өткөрүшүүдө.

Дем алыш күндөрү өлкөнүн борбору Тель-Авивде эле митингге 250 миң адам чыкса, Хайфада 50 миңге жакын, Раананда 9 миң, Кирьят- Онодо 3,5 миң адам көчөгө чыгышты.

https://t.me/rian_ru/196646?embed=1

Нетаньяхунун өкмөтү сот реформасы планын январдын башында жарыялаган: ага ылайык, Жогорку соттун судьяларын иш жүзүндө парламенттик көпчүлүк тандап калат. Өз кезегинде сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт.

Митингге чыккандар бул соттордун көз карандысыздыгын толук жоготууга алып келерин билдирсе, оппозиция бул реформа өлкөнүн демократиялык баалуулуктарына коркунуч келтирет деп эсептеп, бул боюнча мыйзам долбоорун толук артка кайтарууну же аны иштеп чыгууга каршы тараптын өкүлдөрүн да катыштырууну талап кылууда.

Ал эми Нетаньяху соттук реформа бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт деп эсептөөдө.

Реформага президент да каршы

Израилдин президенти Ицхак Герцог өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу 9-мартта элге жасаган атайын телекайрылуусунда сот системасын реформалоонун учурдагы долбоорун сынга алды.

Президент өлкө кыйын кырдаалда турганын, артка кайтууга болбостугун, аны менен бирге өкмөттүн юридикалык реформалардан баш тартуу зарылдыгын айтты. Ал саясатчыларды реформанын альтернативалуу вариантын иштеп чыгуу менен компромисс табууга чакырды.

“Бүгүн Израилде болуп жаткан окуя үрөй учурарлык. Жетишет, эл менин көз алдымда кантип бөлүнүп жатканын көрө албай калдым. Өлкөдө катастрофа болуп жатат”, – деди президент.

Башкаруучу коалиция менен оппозициянын ортосунда мунаса издөө жөнүндө сөз кылган Герцог баарына ылайыктуу чечим табууга аракет кылып, талыкпай иштеп жатканын баса белгиледи.

“Мен багынбайм. Чечим табуу үчүн баарын жасайм. Муну азыр жасаш керек, анткени бизде убакыт жок”, – деди ал.Президент айткандай, январдын башынан бери уланып жаткан нааразылык акцияларында ал тараптарды жакындаштырып, ортодогу пикир келишпестиктерди азайтып, компромисстик чечим табууга жетишкен.”Баары боюнча эмес, бирок көпчүлүк темалар боюнча макулдашуу бар. Бул азыркы мыйзам долбоорунан баш тартып, Кнессеттин комиссиясында башка программаны талкуулоо үчүн жетиштүү”, – деди Герцог.Ошол эле учурда ал Нетаньяхунун кабинети сунуштаган сот реформасынын долбоорун четке кагууга жана жаңы программа иштеп чыгууга чакырды.”Азыр талкууланып жаткан мыйзам долбоору мүмкүн болушунча тезирээк жок болушу керек. Ал жаңылыш, деструктивдүү жана демократиянын пайдубалына доо кетирет. Анын ордуна макулдашылган башка мыйзам долбоору киргизилиши керек”, – деп эсептейт Израилдин президенти.Оппозиция: сот реформасы диктатурага алып келетӨз кезегинде оппозиция лидерлери өлкөдөгү укуктук реформанын жыйынтыгы өлкөдө диктатуранын орношуна алып келерин, анткени Нетаньяхунун өкмөтүнүн чыныгы максаты абсолюттук бийликти алуу экенин айтышууда.«Сот бийликке жакын адамдардан турат. Саясатчылар айтканын аткара турган баш ийүүчү сотторду дайындайт. Соттор өкмөттүн карамагындагы соттор болот», – деди оппозициялык «Еш Атид» партиясынын башчысы Яир Лапид.

Нааразылык акцияларын АКШ каржылап жатабы?

Израилдин өкмөтү сот реформасына каршы нааразылык акцияларын АКШ каржылап жатат деп айыптаганын Times of Israel гезити жазды.

“Бул нааразылык акциясы миллиондогон долларлар менен каржыланып, уюштурулуп жатат… Демонстранттарды ирээттүү түрдө чыгарып жаткан уюшкан борбор бар. Ташууларды, желектерди, сценаларды ким каржылап жатат? Бул бизге белгилүү”, – деген өкмөттүн жогорку даражалуу аткаминеринин сөзүн келтирет басылма.

Нетаньяхунун айланасындагы дагы бир расмий өкүл аткаминер АКШ тууралуу айтып жатканын ырастады.

Комментарий жиберүү