Борбор Азиядагы эң чоң океанариум Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте ачылды.
Бул тууралуу шаардын акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Гигант аквариум Ташкенттеги ири “Magic City” оюн-зоок паркында ачылган. Узундугу 20, тереңдиги 3,8 метрди түзгөн аквариум-туннельде балыктын, жыландардын, медузанын жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрү жашайт. Ошондой эле, келген коноктордун чордонунда болуп жаткан чоң акулалар бар.
Маалыматка ылайык, океанариумга кирүү баасы балдар үчүн 75 000 сумду (болжол менен 7 доллар) жана чондор үчүн 100 000 сумду (9 доллар) түзөт.