Иран президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Нооруз жалпы адамзат баалуулуктарына багытталган цивилизациянын символу жана Жаратканды урматтоо, үй-бүлөнү кадырлоо жана дүйнөнү түзүү маданияты — анын жетишкендиктеринин бийик чокусу болуп саналат. Жаңы кылымда дүйнөнүн диний жана адамдык баалуулуктарга умтулуусу күчөп, ар бир күн Сиздин өлкөңүздөгү бардык адамдардын жүрөгүнө Нооруз сымал кубаныч тартуулап, биздин аймактын элдеринин биримдигин жана ынтымагын бекемдейт деп ишенем.

Иран Ислам Республикасы бул маданий тилектештикти чыңдоону жана кеңейтүүнү бардык регион жана дүйнө өлкөлөрү үчүн тынчтык каалоо катары эсептеп, ушуга байланыштуу бардык өлкөлөргө достук колун сунууда», — деп айтылат куттуктоо жолдомодо.

Раиси Жапаровго ден соолук жана ийгилик каалап, ал эми Кыргыз Республикасынын боордош жана дос элине бакыт ырыскы менен берекеге толгон жыл болушун тиледи.

Комментарий жиберүү