АКШ Украинадагы согуштук аракеттерге катышуудан баш тартты

Пентагондун башчысы Ллойд Остин АКШ Украинадагы согуштук аракеттерге катышуудан жана бул өлкөнүн үстүнөн учууга тыюу салынган зонаны түзүүдөн баш тартарын билдирди.

Бул тууралуу ал CNN телеканалына берген маегинде жарыялады.

“Президент [АКШ Жо Байден] биздин армия Украинадагы Орусия менен согушууга катышпай турганын ачык айтты”, – деди министр.

Ошондорй эле ал Украинада учууга тыюу салынган зонаны түзүү да АКШнын түздөн-түз катышуусун билдирерин, анткени укук бузуучуларга каршы чара көрүү зарыл болорун баса белгиледи.

“Бул биздин Орусияга каршы экенибизди билдирмек, сөз эки өзөктүк держава жөнүндө болуп жатат. Мындайды эч ким көргүсү келбейт”, – деди Остин.

Ошол эле учурда Пентагондун башчысы Америка Кошмо Штаттары НАТО өлкөлөрүнүн аймагынын “ар бир сантиметрин” коргой турганын белгиледи.

Буга чейин, Остин АКШ Орусиянын атайын операциясы жүрүп жаткан Украинанын үстүнөн учууга тыюу салынган аймакты киргизүүгө макул эместигин, анткени бул АКШ-Орусия согушунун башталышын шарттай турганын билдирген.

24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялаган. Анын максаты – Украинаны демилитаризациялоо жана деназификациялоо экенин баса белгилеген.

Комментарий жиберүү