Ташкентте Борбор Азиядагы алгачкы океанариум ачылды

Борбор Азиядагы эң чоң океанариум Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте ачылды.

Бул тууралуу шаардын акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Гигант аквариум Ташкенттеги ири “Magic City” оюн-зоок паркында ачылган. Узундугу 20, тереңдиги 3,8 метрди  түзгөн аквариум-туннельде балыктын, жыландардын, медузанын жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрү жашайт. Ошондой эле, келген коноктордун чордонунда болуп жаткан чоң акулалар бар.

Маалыматка ылайык, океанариумга кирүү баасы балдар үчүн 75 000 сумду (болжол менен 7 доллар) жана чондор үчүн 100 000 сумду (9 доллар) түзөт.

Комментарий жиберүү