Тынчыбай жаткан Судандан 6 кыргызстандык эвакуацияланды

 Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Судандан алты кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ТИМдин, Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилиги жана Россиянын Хартум шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жардамы менен алты кыргыз жараны 2-майда Судандан Москвага жеткирилген.

3-майда алардын баары Москва- Бишкек каттамындагы учак менен Кыргызстанга жиберилди.

Судандын баш калаасы Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген “Ыкчам колдоо күчтөрү” тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу 15-апрелден бери уланууда.

Буга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду. Судандагы башаламандыкта 450дөн 600гө чейин киши өлүп, беш миңге жакын адам жаракат алганы кабарланууда.

Эске салсак, буга чейин КР ТИМи Кыргызстандын Сауд Арабия Королдугундагы элчилигинин акыркы маалыматына таянып, Суданда Кыргызстандын жети жараны  бар экенин, алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешерин билдирген.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Судандагы куралдуу кагылышууга байланыштуу аталган өлкөгө барбай турууну сунуштап, ал жакта жүргөн мекендештерге аэропорт, аскер базалары жана өкмөт уюмдары жайгашкан райондордон оолак болууну эскерткен. ТИМ элчилик Суданда жүргөн башка кыргызстандыктардын бар-жогун аныктап жатканын, маселе ТИМдин көзөмөлүндө экенин кошумчалаган.

Кечээ, 2-майда БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы өкүлү Ольга Саррадо Женевадагы БУУнун брифингинде Суданда жаңжал башталгандан бери 100 миңден ашуун адам коңшу өлкөлөргө чыгып кеткенин, алардын көбү аялдар жана балдар экенин билдирген.«Качкындардын көбү Чадда, негизинен алар аялдар жана балдар», – деген БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын өкүлү.Өз кезегинде БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюмунун өкүлү Поль Диллон өлкөдөгү ички жер которгондордун саны 334 миң адамды түзөрүн билдирген. Уюмдун маалыматы боюнча, чек арадан 64 миң адам өткөн.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп, Судандагы тараптарды согуштук аракеттерди токтоосуз токтотууга чакырды. Уюмдун баш катчысынын Судан боюнча атайын өкүлү Волкер Пертес Судандагы жаңжалга катышкан тараптардын эч кимиси сүйлөшүүлөргө азырынча даяр экендигинин так белгилери жок экенин билдирди.

Комментарий жиберүү