Түркиядагы зилзала: Борбор Азия өлкөлөрүнөн каза болгондор жана жарбыркагандар

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны күн санап өсүүдө. Табигый кырсыктан башка мамлекеттердин жарандары да жабыркады.

Акыркы сааттарга алынган маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаладан Борбор Азия өлкөлөрүнүн канча жараны жабыркаганы белгилүү болду.

Кыргызстан

🇰🇬 КР Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Хатай провинциясында жер титирөөдөн улам 37 жаштагы кыргызстандык аял каза болгонун билдирди. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да тастыктады.

Билдирүүлөргө караганда, кыргызстандык аялдын жансыз денесин куткаруучулар 11-февраль күнү ураган имараттын астынан алып чыгышкан. Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан аныкталган.  

Учурда Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулдугунун кызматкерлери Хатайда маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө документтерди даярдоого жардам берүүдө.

Буга кошо, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев дайынсыз жоголгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. Ал кошумчалагандай, Кыргызстандын 70 жараны кооптуу аймактардан Анкара, Анталия, Алания, Кыргызстанга ошондой эле Астанага эвакуацияланган.

Казакстан  

🇰🇿 Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Түркияда куткаруучулар казакстандык Адил Кадырбеков менен Мирболат Курмашевдин сөөгүн табышкан. Алардын сөөгү Алматыга жеткирилген.

Ал эми 8-февралда Сабина Мамадярова урандылар астынан куткарылган. Куткаруучулардын айтымында, анын колу сынган.

Буга чейин 9-февралда Газиантептен 42 казакстандык Астанага эвакуацияланган.

Өзбекстан

🇺🇿 Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Түркиядагы жер титирөөдө каза болгон эки өзбекстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлгөнүн билдирди.

Куткаруучулар 56 жаштагы В.Х. менен 40 жаштагы Н.Мны Хатайдагы ураган имараттын астынан табышкан. Алардын сөөгү 11-февралда Өзбекстанга жөнөтүлгөн.

10-февралда Аданадан 2 өзбек, 11-февралда Малатиядан 5 үй-бүлө мүчөсү жана Газиантептен бир өзбек Ташкентке эвакуацияланган.

Тажикстан

🇹🇯 Өлкөнүн элчилигинин маалыматына караганда, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган тажик жарандары тууралуу маалымат жок.

Түркмөнстан

🇹🇲 Turkmen.news эркин басылмасы билдиргендей, жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында Түркмөнстандын кеминде төрт жараны каза болду. Алардын сөөгү түркмөн өкмөтүнүн эсебинен мекенине жөнөтүлгөн.

🇹🇷 Эске салсак, 6-февралга караган түнү Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7ге жеткен жер титирөө болгон. Зилзаланын очогу Кахраманмараш шаарында болгон. 13-февралдагы жаңыланган маалыматка ылайык, Түркияда жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 29 миң 605ке жетип, 80 миң 278 жаран жабыркады.

Анкара жер титирөөнүн күчүн 500 атомдук бомбанын жарылуусу менен салыштырды. Ал эми өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң катуу зилзала болду.

Табигый кырсыктан кесепеттерин жоюуга ар кайсы өлкөлөрдөн келген он миңдеген куткаруучулар катышууда. Учурда Түркиядагы жер титирөөнүн экономикалык зыяны 84 млрд доллар деп бааланууда.

Комментарий жиберүү