Эрдоган Чоң Палестина митингинде батыштыктарды сынга алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин  3 жумадан бери бомбалаган Газа тилкесинде болгондорго үнсүз калган батыштык өлкөлөрдү сынга алды.

istanbul filistin mitingi.jpg
Эрдоган Чоң  Палестина митингинде батыштыктарды сынга алды
erdogan filistin miting.jpg
istanbul filistin mitingi.jpg
istanbul filistin mitingi.jpg
istanbul filistin mitingi.jpg
Эрдоган Чоң  Палестина митингинде батыштыктарды сынга алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израиль  3 жумадан бери бомбалаган Газа тилкесинде болгондорго үнсүз калган батыштык өлкөлөрүн : “Украинада  каза болгондор үчүн көз жашын төктүңөр да Газадагы балдар үчүн эмнеге үнүңөр чыкпай жатат”,- деген сөздөр менен сынга алды. 
Президент Эрдоган Стамбулда болгон Чоң Палестина митингинде сөз сүйлөдү.

Эртең Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгынын кубанычын, бүгүн болсо Газанын кыйынчылыктарын дүйнөгө жар сала тургандарын баса белгиледи. 

Крымдан Карабахка, Босниядан Керкүккө, палестинадан Түркистанга, Афганистандан  Чеченстанга  чейин көптөгөн география үчүн көз жашын төккөндөрүн айткан Эрдоган : “Биз бул жерде Газада болгон кыргындан эле сөз кылып калбастан  келечегибиз менен бирге   эгемендүүлүгүбүздү жана келечегибизди коргоп жатабыз»,- деди. 

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын террордук уюм эмес экенин дагы бир жолу белгилеген президент, Израилдин бул билдирүүсүнөн тынчсызданганын эске салып : “1947 –  жылы Газа, Палестина эмне эле бүгүн эмне? Израиль сен буларга кандай келдиңер? Кандай кирдиңер? Сен баскынчысың, сен бир уюмсуң”,- деди. 

Израилдин 7 –  октябрдан  бери Газага карата үзгүлтүксүз  улантып жаткан кол салууларында  көпчүлүгү балдар жана аялдар болгон 7 миңден ашуун палестиналык каза болду. 

Комментарий жиберүү