ЮНИСЕФ: “Унчукпай коюу – кылмышка шериктеш болуу дегенди билдирет”

ЮНИСЕФтин басма сөз катчысы Жеймс Элдер билдирүү бөлүштү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) басма сөз катчысы Жеймс Элдер: «Газанын түштүгүндөгү кол салуулар түндүктөгү кол салуулардай катуу. “Балдарга карата согушту” токтото аларыбызга ишенишибиз керек. Унчукпай коюу – кылмышка шериктеш болуу дегенди билдирет» деп айткан Жеймс X социалдык медиа платформасынан, Израилдин катуу чабуулдарынан жапа чеккен Газадагы абал тууралуу билдирүү бөлүштү.

Аймактагы балдардын жана аялдардын абалынын оорлоп баратканын кабарлаган Элдер: «Газанын түштүгүндөгү кол салуулар түндүктөгү кол салуулардай катуу. Биз “балдарга карата согушту” токтото аларыбызга ишенишибиз керек. Унчукпай коюу– кылмышка шериктеш болуу дегенди билдирет»,-деди.

Жеймс өз постунда жарыялаган аудио жазууда Газанын түштүгүндө катуу бомбалоолор болуп жатканын айтып: «Газанын түштүгүндөгү 1 миллион 800 миң кишини ойлоодомун»,-деди.

Хамастын куралдуу канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадалары Израилдин “палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Аль-Акса мечитине карай тынымсыз мыйзам бузууларына жооп кайтаруу” деген негиз менен 7-октябрда эртең менен кеңири чабуулду, Израил армиясы да Газа тилкесин абадан катуу бомбалоону баштаган.

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгон палестиналыктардын саны 15 миң 523кө жетти, алардын 6 миңден ашыгы балдар жана 4 миңден ашууну аялдар.

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларга 4 күндүк «гуманитардык тыныгуу» жөнүндөгү келишим 24-ноябрь жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00де күчүнө кирген жана андан кийин дагы 3 күнгө узартылган.

Израиль менен Хамастын ортосунда жетишилген туткун алмашуу келишиминин алкагында Газа тилкесиндеги 81 израилдик, Израилдин абактарынан да 240 палестиналык бошотулган.

Израиль армиясы 1-декабрда “гуманитардык тыныгуу” аяктагандан кийин дароо Газа тилкесине чабуулун улантты.

Комментарий жиберүү