Жогорку Кеңештин депутаттары Палестина элине бир күндүк маянасын которот

Жогорку Кеңештин депутаттары Палестина элине бир күндүк маянасын которот

Жогорку Кеңештин депутаттары Палестина элине бир күндүк маянасын которот. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында белгилүү болду. Буг чейин депутат Жалолидин Нурбаев Палестинага материалдык колдоо көрсөтүү максатында Тышкы иштер министрлигине атайын эсеп ачууну сунуштаган. Ал эми эли өкүлү Жаныбек Кыдыкбаев кесиптештерине бир күндүк маянасын Палестинадагы жабырлануучуларга бөлүп берүүнү сунуштаган. Жогорку Кеңештин депутаттары бул демилге колдоого алышты. Палестина-Израиль жаңжалынын курчушунан улам Газада 3500дөн ашуун палестиналык набыт болуп, жарадар болгондор 10 миңден ашты. Израилде 1300дөй киши каза тапты. 17-октябрь…

Прочитайте больше

АКШда еврейлер уюштурган Палестинаны колдоо митингинде жүздөгөн демонстранттар Конгресстин имаратына кирип барышты.

АКШда еврейлер уюштурган Палестинаны колдоо митингинде жүздөгөн демонстранттар Конгресстин имаратына кирип барышты.

Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерге нааразычылык билдирип көчөгө чыккан демонстранттар АКШ Конгрессинин имаратына кирип барышты. Капитолий полициясы аларды имараттан сүрүп чыгарып, бир нечесин кармаганын Капитолий полициясы X соцтармагынан билдирди. https://youtube.com/watch?v=yQXP5zzYF1M%3Fstart%3D289%26feature%3Doembed «Кармалгандардын арасында үч киши камакка алуу учурунда полиция кызматкерлерине кол салган деп айыпталууда», — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин Капитолийдин алдына палестиналыктарды колдоо митингине жүздөй адам чогулганы  кабарланган. Окуяга чейин Конгрессмен Марджори Тейлор Грин полиция күтүлүп жаткан нааразылык акциясынын алдында тосмолорду орнотконун маалымдап, Конгресстин мүчөлөрү анын…

Прочитайте больше