Газада көз жумган балдардын саны дүйнөдө набыт болгон балдардын санынан ашып кетти

Газада көз жумган балдардын саны дүйнөдө набыт болгон балдардын санынан ашып кетти

7-октябрдан бери Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерде каза болгон балдардын саны 2019-жылдан бери дүйнө өлкөлөрүндө болгон кагылышууларда каза болгон балдардын санынан ашып кетти. Бул тууралуу эл аралык кайрымдуулук Save the Children уюму билдирди. Буга чейин уюм Газа тилкесинде акыркы 17 күндө кеминде 2000 бала, Иордан дарыясынын батыш жээгинде 27 бала каза болгонун маалымдаган. Save the Children уюмунун Палестинадагы директору Жейсон Ли ок атууну тез арада  токтотууга чакырды. «Газа тилкесинде үч жуманын ичинде каза болгон балдардын саны…

Прочитайте больше

Израилден келген рейстен еврейлерди издешип. Махачкала аэропортундагы башаламандык. Видео

Израилден келген рейстен еврейлерди издешип. Махачкала аэропортундагы башаламандык. Видео

29-октябрь күнү кечинде Махачкаланын эл аралык аэропортуна жаалданган адамдар тобу басып кирди. Башаламандык Израилден учуп келген учактан улам башталган. Жаалданган демонстранттар аэропорттун учуп-конуу тилкесине чейин чыгып барышкандыктан аэропорт убактылуу жабылды. Тергөө комитетинин Дагестан боюнча башкармалыгы окуяны массалык баш аламандык катары баалап, кылмыш ишин козгоду. Окуянын чоо-жайы 29-октябрь кечинде аэропорттун жанына элдер чогула баштаган. Жергиликтүү убакыт боюнча 19:00дөр чамасында (Москва убактысы боюнча) ал жерге Тель-Авивден (Бен Гурион) WZ 4728 рейси учуп келген. Андан соң чогулган эл…

Прочитайте больше

Бишкекте Палестинаны колдоо акциясы өтүп жатат. Сүрөт, видео

Бишкекте Палестинаны колдоо акциясы өтүп жатат. Сүрөт, видео

Бүгүн, 28-октябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта Палестина элин колдоо митинги Акциянын катышуучулары Кыргызстан менен Палестинанын желектерин көтөрүп, “Палестина — биз сени менен!”, “Палестинага боштондук”, «Геноцидди токтоткула», “Биз Палестинаны колдойбуз” деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Алар Израилдин аракеттерин айыптап, Газадагы геноцидди токтотууну талап кылышты. Чогулгандардын арасында Муфтияттын өкүлдөрү, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, жарандык активисттер, “Умма” ислам журналынын редактору Элиана Мариям Сатарова, ошондой эле уюштуруучулардын айтымында, чогулгандардын арасында чет элдик дипломаттар да болду. Алсак, акцияга Ирандын…

Прочитайте больше

Израилде Нетаньяхунун кызматтан кетүүсүн талап кылышты

Израилде Нетаньяхунун кызматтан кетүүсүн талап кылышты

Израилдин борбору Тель-Авивде премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну отставкага кетүүгө чакырган митинг өттү. ХАМАС  тарабынан барымтага алынгандардын жакындары Коргоо министрлигинин алдына чогулуп, Беньямин Нетаньяхуну отставкага кетүүгө чакырышты. Барымта кризисинен жооптуу деген премьер — министрди бетинде кандуу кол болгон Нетаньяхунун портрети жана барымтага алынган балдардын сүрөттөрүн алып жүргөн митингчилер отставкага кетүүгө чакырышты жана ок атышууну токтотууну талап кылышты. ХАМАСтын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады. Израил армиясы да Газа…

Прочитайте больше

Эрдоган Чоң Палестина митингинде батыштыктарды сынга алды

Эрдоган Чоң Палестина митингинде батыштыктарды сынга алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин  3 жумадан бери бомбалаган Газа тилкесинде болгондорго үнсүз калган батыштык өлкөлөрдү сынга алды. Президент Режеп Таййип Эрдоган Израиль  3 жумадан бери бомбалаган Газа тилкесинде болгондорго үнсүз калган батыштык өлкөлөрүн : “Украинада  каза болгондор үчүн көз жашын төктүңөр да Газадагы балдар үчүн эмнеге үнүңөр чыкпай жатат”,- деген сөздөр менен сынга алды. Президент Эрдоган Стамбулда болгон Чоң Палестина митингинде сөз сүйлөдү. Эртең Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгынын кубанычын, бүгүн болсо Газанын кыйынчылыктарын дүйнөгө жар сала тургандарын баса…

Прочитайте больше

Израиль армиясы түнү менен Газаны аткылоону улантты

Израиль армиясы түнү менен Газаны аткылоону улантты

Палестина маалымат агенттиги WAFAнын билдиргенине караганда Израиль күчтөрү Газанын түндүгүн артиллериялык сокку менен аткылады. Израиль армиясы түнү менен Газанын көптөгөн жерин абадан жана кургактыктан атууну улантты. Палестина маалымат агенттиги WAFAнын билдиргенине караганда Израиль күчтөрү Газанын түндүгүн артиллериялык сокку менен аткылады. Израиль учактары Еш-Шати жана Нусейрат качкындар лагери менен Бейт Лахия, Бейт Ханун жана Газанын чыгышындагы башка аймактардагы үйлөрдү абадан бутага алды. Израилдин катуу кол салууларынын айынан аймактагы стационардык телефон, уюлдук телефон жана интернет байланыш кызматтары…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Иран энергетика, өнөр жай жана транспорт тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Иран энергетика, өнөр жай жана транспорт тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Ирандын энергетика, транспорт, мунай жана газ министрлери соода-логистикалык борборлорду куруу жана транспорт коридорун өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлордо кызматташууну тереңдетүүгө даяр. Бул тууралуу  КР Экономика министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 26-октябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Ирандын Биринчи Вице-Президенти Мохаммад Мохбер менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу мксатында КР Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында КР Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, КР Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Иран Ислам Республикасынын Мунай жана газ…

Прочитайте больше

ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү Москвага барды. Израилдин реакциясы 

ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү Москвага барды. Израилдин реакциясы 

Палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Абу Марзук жетектеген кыймылдын делегация мүчөлөрү Москвага келишти. Бул тууралуу РИА Новости булактарга таянуу менен билдирди. Кийинчирээк Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова брифинг учурунда ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү Москвага келшикенин тастыктап, байланыштар боюнча кошумча маалыматтар берилерин белгиледи. “Аны (Абу Марзук — ред.) менен Россиянын линиясы боюнча Газа секторунда кармалып турган чет элдик туткундарды тез арада бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Ошондой эле Палестина анклавынан Россиянын жана башка…

Прочитайте больше

Кыргызстан деңизге чыга албаган өлкө катары Ирандын деңиз портторун пайдаланууга кызыкдар

Кыргызстан деңизге чыга албаган өлкө катары Ирандын деңиз портторун пайдаланууга кызыкдар

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Кыргызстанга келген Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров Ирандын Биринчи вице-президентин өлкөнүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун толук кандуу мүчөсү статусун алышы менен куттуктады. «Иран ШКУнун потенциалын, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого өз салымын кошот деп ишенем», — деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасы. Андан соң тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди талкуулады….

Прочитайте больше

Лукашенко Палестина мамлекетин түзүүнү жаңжалдан чыгуунун бирден-бир жолу деп атады

Лукашенко Палестина мамлекетин түзүүнү жаңжалдан чыгуунун бирден-бир жолу деп атады

Беларустун президенти Александр Лукашенко Палестина мамлекетин түзүү Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан чыгуунун бирден-бир жолу болушу мүмкүн экенин айтты. «(Жаңжалдан -ред.) чыгуунун бир гана жолу бар — 1947-жылы чечим кабыл алынгандай Палестина мамлекетин түзүү керек. Эмнеге бул бечара Гутеррешке асылып жатышат — ал «туура эмес нерсе айттыбы»? Ал туура айтты. Адамдар жаман шарттарда жашап жатышат. Аларга мамлекет түзүп берип, Палестина автономиясы эмес, бул сенин мамлекетин, бул еврей мамлекети деп айтыш керек. Анан биротоло макулдашыш керек», — деген…

Прочитайте больше

Бишкектеги ШКУ премьерлер кеңешинин жыйыны аяктады

Бишкектеги ШКУ премьерлер кеңешинин жыйыны аяктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады. Акылбек Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча 14 документке кол коюлуп, кабыл алынганын белгиледи. «Эң маанилүү жыйынтыктоочу документ катары ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин Биргелешкен коммюникеси болду, анда Күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча тараптардын, ошондой эле ШКУнун алкагында көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашылган позициялары чагылдырылган. Ошондой эле биз…

Прочитайте больше

Ирандык аткаминер Макрондун ХАМАСка каршы Батыш коалициясын түзүү чакырыгын “чоң жаңылыштык» деди

Ирандык аткаминер Макрондун ХАМАСка каршы Батыш коалициясын түзүү чакырыгын “чоң жаңылыштык» деди

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун палестиналык ХАМАС кыймылына каршы батыш коалициясын түзүү чакырыгы “чоң жаңылыштык. Эгер мындай коалиция түзүлсө, мусулман өлкөлөрү ага жооп катары дароо ХАМАС жана Палестина тарабында өз коалициясын түзүшөт. Бул тууралуу Иран парламентинин Улуттук коопсуздук комиссиясынын мүчөсү Федахоссейн Малеки РИА Новостиге берген маегинде билдирди. 24-октябрда француз лидери Израилге иш сапары менен келип, премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана президент Исаак Герцог менен жолугушкан. Нетаньяху менен биргелешкен маалымат жыйынында Макрон ХАМАС менен күрөшүү үчүн коалиция түзүүнү…

Прочитайте больше

Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди

Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди

Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Белгилей кетсек, Мохаммад Мохбер үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Ошондой эле, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.   1 of 5-+ Шанхай Кызматташтык…

Прочитайте больше

Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян Кыргызстанга алгачкы жолу келди

Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян Кыргызстанга алгачкы жолу келди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына биринчи жолу расмий сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Акылбек Жапаров ардактуу конокту жылуу тосуп алып, аны менен жолукканына жана жеке таанышканына кубанычта экенин белгиледи. “Үстүбүздөгү жыл биздин эки тараптуу мамилелерибиз абдан активдүү болгонун канааттануу менен белгилегим келет. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарууга…

Прочитайте больше

Турсунбай Бакир уулу: ХАМАСтын лидери менен жеке таанышмын

Турсунбай Бакир уулу: ХАМАСтын лидери менен жеке таанышмын

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу журналист Нурсейит Анаркуловдун «Накта Подкаст» көрсөтүүсүндө конокто болуп, Палестина-Израиль жаңжалы эмнеден башталды, согуш эмне менен бүтөт жана ХАМАС кыймылы тууралуу ойлорун бөлүштү.

Прочитайте больше
1 2 3 6