Трамптын Кытайга сапары. Пекин Тегеранга карата позициясын өзгөртөбү?

Атын атабаган ирандык саясий эксперт билдиргендей, мамлекет жетекчилери адатта кымбатка түшкөн жана узакка созулган тышкы согуштарга аралашып калганда негизги атаандаштары менен жакындашууну көрсөтүүдөн качышат. Бирок Дональд Трамп башка жолду тандады. Көп жылдан бери салттуу дипломатиянын эрежелерине анча ишене бербеген АКШ президенти Кытайга болгон сапарын экинчи жолу жылдырууга макул болууну каалабагандай көрүнөт. Ошондуктан анын Си Цзиньпин менен жолугушуусу акыры Жакынкы Чыгыштагы согуш дүйнөлүк саясатка көлөкө түшүрүп турган шартта өттү.

Сыртынан караганда сүйлөшүүлөрдүн негизги темалары соода, бажы тарифтери жана Тайвань маселеси болду. Трамп сапар алдында эле Иран кризисинен чыгуу үчүн “Кытайдын жардамына муктаж эмесмин” деп билдирген. Ошентсе да көптөгөн байкоочулар Иран маселеси бул жолугушуунун эң негизги, бирок ачык айтылбаган темасы болгонун белгилешти. Башкача айтканда, баары бул маселенин маанилүү экенин түшүнгөн, бирок анын чоо-жайын ачык талкуулоодон качышкан.

Мындай шартта олуттуу жыйынтык чыгат деген күтүүлөр деле көп болгон жок. Time журналы бул жолугушуу “негизги жетишкендиктерге” алып келбейт деп алдын ала божомолдогон.

Бул дүйнө акыркы жылдардагы эң сезимтал экономикалык жана геосаясий мезгилдердин биринде турган учурда болуп жатат. Ормуз кысыгы айланасындагы чыңалуу дүйнөлүк энергетикалык рынокко коркунуч жаратууда, ал эми Эл аралык валюта фонду дүйнөлүк рецессия коркунучу тууралуу эскертүүдө. Бирок Пекин өзүн өзгөчө кырдаалда турганын көрбөй турат. Кытай импорттогон мунайдын жарымына жакыны жана суюлтулган газдын чоң бөлүгү Ормуз кысыгы аркылуу өтөт. Мындан тышкары, Кытай импорттогон мунайдын болжол менен 13 пайызы түздөн-түз Ирандан келет.

Ошого карабастан Пекин кризистин кесепеттерин көзөмөлдөөдө. Ири мунай запастары, энергия булактарын диверсификациялоо жана кургактыктагы куур линияларын өнүктүрүү Кытайдын бул жааттагы алсыздыгын азайтууга жардам берген негизги куралдар болду.

Бул кырдаал Си Цзиньпинди ишенимдүү иш-аракет кылууга түрттү. Энергетикалык кризистерден жана аймактык туруксуздуктан улам кысымга алынган АКШнын өнөктөштөрүнө салыштырмалуу Кытай өзүн туруктуураак абалда көрөт. Ошондуктан Пекин Вашингтондун кызыкчылыгы үчүн Тегеранга басым жасоого саясий капиталын коротууга даяр эмес көрүнөт.

АКШнын Коргоо министрлигинде Кытай, Тайвань жана Монголия багыты боюнча мурда жооптуу кызматта иштеген Дрю Томпсон Трамп менен Синин жолугушуусу реалдуу чечимдерге алып келет дегенге күмөн санайт. Ал эми Алан Карлсон дагы ушундай эле пикирде болуп, сүйлөшүүлөрдөн баалуу жыйынтык чыгуу ыктымалдыгы “дээрлик нөлгө барабар” экенин белгилеген.

Бул пикир келишпестиктердин артында тереңирээк ажырым да бар. Көптөгөн кытайлык аналитиктердин көз карашында, Иран менен болгон согуштан кийин АКШ мурдагыдан да “аксаган дөө” сыяктуу көрүнүп калды. Башкача айтканда, аскердик жана экономикалык күчү бар, бирок узакка созулган согуш анын аброюн жана стратегиялык көңүлүн алсыраткан державаны билдирет. Мындай шартта Си Цзиньпин Вашингтонго соода жаатында олуттуу жеңилдиктерди бериши күмөн. Бул убактылуу пикир келишпестиктерден гана эмес, Кытайдын экономикалык саясатынын негиздеринен келип чыгат.

“Made in China 2025”, “China Standards 2035” жана “Кош циркуляция” стратегиясы сыяктуу программалар технологиялык өз алдынчалуулукка жана экономикалык көз карандысыздыкка басым жасайт. Ушундай шартта “өз ара пайдалуу келишим” принциби Кытайдын экономикалык өсүшү жана коопсуздугуна салыштырмалуу экинчи орунга түшөт.

Ошол эле учурда АКШнын жаңы санкциялары Кытайдын Иранга карата басымын күчөтөт дегенди билдирбейт. “Washington Institute” Вашингтон жакында Иранга байланыштуу эң катуу санкцияларды кытайлык ири мунай иштетүүчү заводго жана ага тиешелүү ондогон транспорттук компанияларга каршы киргизгенин эске салды.

Бирок көптөгөн эксперттер бул экономикалык басым Пекиндин Тегеранга карата саясатын өзгөртөт деген кепилдик жок экенин айтышат. Кытай үчүн Иран мунайын сатып алууну токтотуу жөн гана экономикалык чечим эмес. Бул АКШнын басымына баш ийүүнүн белгиси катары кабыл алынышы мүмкүн. Мындай түшүнүк Тегеранда гана эмес, башка өлкөлөрдө да олуттуу саясий кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Мындан тышкары, Кытай Иранды ачуулантуу узак мөөнөттүү келечекте өзүнө көбүрөөк чыгым алып келерин жакшы түшүнөт. Айрыкча, эгерде Тегеран келечекте Перс булуңундагы энергетикалык маршруттарды көзөмөлдөөдө чоңураак роль ойной баштаса.  Анткени Кытайдын мунай импортунун чоң бөлүгү жана экспортунун маанилүү бөлүгү дал ушул аймакка байланыштуу.

Ошондуктан Пекин АКШнын жаңы санкцияларын Иранга каршы гана чара катары эмес, Кытайга каршы уланып жаткан экономикалык согуштун бир бөлүгү катары карайт. Бул согуш дээрлик он жыл мурда башталган. Кытайдын реакциясы да өзгөчө болду. Пекин жаңы эрежелерди киргизип, кытайлык компаниялардын АКШнын жаңы санкцияларына баш ийишине иш жүзүндө тыюу салды. Ошол эле учурда бардык чыңалууларга карабастан, Кытай АКШ менен туруктуураак экономикалык мамилелерди сактоого кызыкдар бойдон калууда.

Көптөгөн кытайлык саясатчылар эки өлкөнүн соода байланыштары Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүнө чейинки абалга кайтышын каалашат. Трамп өзү дагы ушундай максатты көздөшү мүмкүн, айрыкча Иран менен болгон согуш анын ички саясий басымын күчөтүп жаткан шартта жана алдыда орто мөөнөттүү шайлоолор турганда.

Эгер Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалуу кайра күчөсө, анда АКШ үчүн Кытайдын Иранга мүмкүн болгон колдоосун токтотуу өтө кымбатка турушу мүмкүн. Аналитиктердин пикиринде, мындай кырдаал АКШнын аскердик ресурстарын олуттуу түрдө түгөтүшү ыктымал. Айрыкча, эгер Вашингтон бир эле учурда Иранды деңиз аркылуу блокадалоону жана анын экономикалык колдоо тармактарына басым жасоону көздөсө.

Ошол эле учурда Пекин Тегеранга аскердик жардам көрсөтүп жатат деген айыптоолорду четке кагууда. Жакында Биньямин Нетаньяху Кытай Ирандын ракета программасына байланыштуу тетиктерди жана техникалык колдоо көрсөтүп жатат деп билдирген. Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул дооматтарды дароо “негизсиз” деп атаган. Министрликтин өкүлү Го Цзякун Пекин эл аралык милдеттенмелерин сактай турганын, жаңжалдардын токтошун колдой турганын жана чыңалууну азайтуу үчүн аракет көрүп жатканын билдирген. Ошондой эле ал Кытай “далили жок айыптоолорду” четке кагаарын баса белгилеген.