Жыл сайын 15-майда Иранда улуу акын Абулкасым Фирдоусинин эскерүү жана аны менен катар фарсы тилинин күнү белгиленип келет.
Бул күнгө карата Бишкектеги “Гулистан” кофейнясында маданий иш-чара болуп өттү.
Ага Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Ага Ирандын Маданий өкүлү Абдул Реза Сейфи, дипломаттар, Бишкекте жашаган ирандыктар, иран таануучулар, окутуучулар жана фарсы тилин окуган студенттер катышышты.

1 of 12

Иш-чаранын жүрүшүндө акындын ырларынан үзүндү окулуп, катышуучулар иран элинин маданияты менен таанышышты.
“Иш-чаранын максаты — катышуучуларды Фирдоусинин “Шахнаме” эпосунун баатырдык жана эпикалык аспектилери менен тааныштыруу, бул чыгарманынын азыркы адабиятка, маданиятка жана Иран элинин салттарына тийгизген таасирин көрсөтүү, ошондой эле АКШ менен Израилдин согушу жана агрессиясы учурунда иран элинин туруктуулугун жана каршылык көрсөтүү жөндөмүн өзгөчө баса белгилөө болду. Бул агрессия акыры агрессорлордун жеңилиши менен аяктады”, — деп билдирди Абдул Реза Сейфи.
Абулкасым Фирдоуси 920-940 жылдар аралыгында Тус шаарына жакын Хорасанда, дыйкандын үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келип, 1020-жылы көзү өткөн. Абулкасым Фирдоуси иран элинин эң улуу эпостук чыгармасы деп эсептелген “Шахнаме” башкача айтканда “Шахтар китеби” поэтикалык эпосун 35 жыл жазган.
Ал өзүнүн шедеври менен перс маданиятын жана адабиятын сактап калуу үчүн маанилүү иш жасай алган. Эпостун автору өмүрүн фарсы тилине арнап, түбөлүктүү чыгарма жаратууга болгон аракетин жумшаган.