Ирландия, Норвегия жана Испаниянын бийликтери аймакта тынчтык орнотуу үчүн Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары тааныганын жарыялашты. Алардын чечими 28-майда күчүнө кире турган болууда. Бул кадам “Израилдин, Палестинанын жана алардын элинин коопсуздугу үчүн бирден-бир туура чечим”,-деди Ирландиянын премьер-министри Саймон Харрис. Ал алдыда бул үч мамлекеттин чечимине дүйнөнүн башка өлкөлөрү да кошулат деп үмүттөнүп жатканын кошумчалады. Палестинаны көз карандысыз мамлекет деп таануу тууралуу Испаниянын расмий билдирүүсү ушул шаршемби күнү болоору күтүлүүдө. Кийинки кезекте Словения менен Мальта болушу…
Прочитайте большеDay: May 22, 2024
Садыр Жапаров Иран элчилигине келип, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине барып, Иран элине көңүл айтты. Мамлекет башчысы Ирандын элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Садыр Жапаров көңүл айтуу китебине жазуу калтырды, анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан тик учактын каргашалуу кырсыкка учурашынан улам Иран Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Раисинин жана бир катар жогорку кызмат адамдарынын курман болгондугуна байланыштуу Иран элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирип, көңүл айтты. 1 of 5 -+ Ал Ибрахим Раисинин…
Прочитайте большеТ. Акун: “АКШ менен Батыштын максаты – Украина аркылуу Россияны алсыратуу”
Россия тарабынан Украинада атайын аскердик операция башталгандыгына үч жыл болду. Дини, тили бир, бир тууган эки славян эли эмнеге бири-бирине душман болуп, согушуп калды? Эгер бул тирешүү тотобосо, анын кесепети кандай болот? Биз ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору, Кыргызстан Укук Коргоо Кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун менен маектештик. – Турсунбек мырза, Россия Украинага каршы атайын аскердик операция баштагандыгына үчүнчү жылга аяк басты. Эки славян, дини, тили…
Прочитайте больше