Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгында “Борбор Азиянын экономикасындагы аялдардын ролу: санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды илгерилетүү үчүн лидерлик» темасынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын жыйыны өттү. Иш чарага Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасынын орун басары Дания Еспаева, Түркмөнстан Межилисинин Илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова келишти. Ал эми Тажикстан өкмөтүнө караштуу аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода баштаган делегация онлайн режимде катышты. Жогорку Кеңешинин…
Прочитайте большеDay: May 23, 2024
Палестинанын көз карандысыздыгын кайсы мамлекеттер тааныды?
22-майда Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинаны мамлекет катары тааныганын жарыялашты. Чечим 28-майда күчүнө кирет. 2024-жылдын 22-майына карата Палестинанын мамлекеттүүлүгүн БУУнун 193 мүчөсүнүн 146сы тааныды. Палестина бийлигинин өкүлдөрү Дублин, Мадрид жана Ослонун кадамын жылуу кубатташты, ал эми Израиль бийликтери европалыктарды жөөт мамлекетинин эгемендигине шек келтирди деп айыптады. Палестинанын көз карандысыздыгын тааныган мамлекеттердин картасы Палестинанын эгемендүүлүгүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин эки туруктуу мүчөсү – Россия менен Кытай да тааныган, бирок “Чоң жетилик” мамлекеттеринин бири да тизмеде жок. Бүгүнкү күнгө…
Прочитайте большеТегеранда Иран президенти Раиси менен коштошууга 15 миллионго жакын адам келди
22-майда Ирандын борбору Тегеранда авиакырсыктан каза тапкан президент Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка делегация мүчөлөрү менен коштошуу зыйнатына 15 миллионго жакын адам чогулду. Тегерандын калкы дээрлик 13 миллион адамды түзөт. Маркумдарды акыркы сапарга узатууга борбор калаага башка жакынкы шаарлардан да жарандар келишкен. Видеоплеер 00:00 00:44 Аза күтүү иш-чаралары өлкө боюнча бардык шаарларда өткөрүлүп жатат. Маркумдардын сөөгү алгач Тебриз жана Кум шаарларына алып барылды. Ал жерлердеги тажияга жүз миңдеген адамдар чогулду….
Прочитайте большеБУУ Газа тилкесиндеги Рафахта азык-түлүк бөлүштүрүүнү убактылуу токтотту
БУУ коопсуздуктан жана гуманитардык жардамдын жетишсиздигинен улам Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында азык-түлүктү бөлүштүрүү ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу уюмдун Палестин качкындарына жардам көрсөтүү боюнча Жакынкы Чыгыштагы агенттиги “X” социалдык түйүнү аркылуу билдирди. Эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүнө карабай, Израил армиясы май айынын башынан бери Рафахта аскердик аракеттерди жүргүзүп, абадан айрым турумдарга сокку уруп келет. БУУнун билдирүүсүнө караганда, 6-майдан бери Рафахтан 900 миңдей киши чыгып кетти. Алар Газадагы “Аль-Мавази” лагерине жайгашты. Бул жерди Израил армиясы “гуманитардык…
Прочитайте большеИран президенти Раисинин тажиясына 70ке жакын өлкөнүн делегациялары келди
Тегеранда авиакырсыктан каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка жогорку даражалуу расмий өкүлдөр менен коштошуу зыйнатына 70ке жакын өлкөдөн жогорку даражалуу чет элдик делегациялар катышууда. Тегеран университетинде өткөн коштошуу зыйнатында Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи маркумдарга жаназаны өзү окуду. Ирандын борборуна коштошуу зыйнатына 68 чет өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү анын ичинде мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары келди. Кыргызстандан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты. Видеоплеер 00:00 00:51…
Прочитайте большеПутин Раисинин өлүмүн чоң жоготуу деп атады
“Ирандын президенти Ибрахим Раисинин өлүмү чоң жоготуу, ал ишенимдүү өнөктөш жана сөзүнө турган адам болгон”, – деди Россиянын президенти Владимир Путин. Путин шейшемби күнү кечинде Иран президенти Ибрахим Раиси менен коштошуу аземине катышуу үчүн 23-майда эртең менен Иранга бара турган Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин менен жолугушту. Ал президент Раисинин өлүмү, албетте, биринчи кезекте Иран, иран эли үчүн чоң жоготуу экенин айтып, бул трагедияга байланыштуу Ирандын жетекчилигине көңүл айтууну суранды. “Чынында эле ал абдан ишенимдүү…
Прочитайте большеКыргызстан жана Пакистан министрлери Бишкектеги окуяны талкуулашты
Кыргызстанда окуган пакистандык студенттер кабылган окуя бүгүн 21-майда Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар менен талкууланды. Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Кулубаев өлкөнүн укук тартибин коргоо органдары пакистандык студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык тиешелүү чараларды көргөнүн, жогорку окуу жайларындагы ыктыяр топтор эки өлкөнүн жаштары ортосундагы достук мамилени бекемдөө боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүп жатышканын айтты. Кулубаев 13-майдагы окуя боюнча дыкат…
Прочитайте большеКыргызстан Иранга көңүл айтууда
Иран президенти Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана делегация мүчөлөрүнүн авиакырсыкта каза болгондугуна байланыштуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ирандын Бишкектеги элчилигине барып, Кыргызстандын өкмөтүнүн жана элинин атынан иран элине көңүл айтты. Ал Кыргызстан калкы мындай оор учурлда иран эли менен бирге кайгырып жатканын, Раиси Иран эли үчүн көп иштерди жасаганын жана анын эмгеги чоң экенин белгиледи. Бишкектеги Иран элчилигинде көңүл айтуу китеби кечээ, 21-майда ачылган. Элчиликке Кыргызстандагы ар…
Прочитайте большеИран президент Ибрахим Раиси менен коштошуп жатат. Сүрөт
Ирандыктар авиакырсыктан каза тапкан өлкө президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка делегациянын мүчөлөрү менен коштошуп жатышат. Авиакырсык 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагында болгон. Тик учакта Раисиден жана Абдоллахияндан тышкары, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан эч ким тирүү калган эмес. Орду толгус оор жоготууга байланыштуу 20-майда өлкө боюнча беш күндүк аза күтүү жарыяланган. Аза күтүү…
Прочитайте больше