Сауд Аравия Сирияга элчи дайындаганын саудиялык расмий кабар агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, жаңы элчи Фейсал Аль-Муджфель болот. Сауд Аравия 2011-жылы Сирияда согуш башталганда бул өлкө менен дипломатиялык мамилесин үзүп, Дамасктагы дипөкүлчүлүгүн жаап салган. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер былтыртан баштап жылый баштаган. 23-мартта Сирия менен Сауд Аравия 2012-жылы дипломатиялык мамилелер үзүлгөндө жабылган элчиликтерин кайра ачууга макул болгону белгилүү болгон. 12-апрелде Сириянын тышкы иштер министри Фейсал Микдад саудиялык кесиптеши Фейсал бин Фархан менен жолугушуу үчүн Сауд Арабияга учуп барган….
Прочитайте большеDay: May 27, 2024
Израилдин Рафахтагы чатыр лагерине жасаган соккусунда кеминде 40 киши набыт болду
Израилдин аба күчтөрүнүн Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарындагы чатыр лагерине жасаган соккусунан кеминде 40 киши өлүп, ондогон киши жарадар болду. Бул тууралуу Палестинанын жарандык коргонуу кызматы тараткан билдирүүдө айтылганын WAFA маалымат агенттиги жазды. “Израилдин соккуларынан 40ка жакын адам каза болуп, ондогон адам жарадар болду, алардын көбү балдар жана аялдар. Бул жерден 100 миңдей адам баш калкалоочу жай тапкан”,- деп айтылат билдирүүдө. Палестинанын президентинин басма сөз катчысы Набил Абу Рудейна Израиль армиясынын Рафах шаарындагы жер которгондордун…
Прочитайте большеЙемендин премьер-министри: Иран Палестина элине колдоо көрсөтүүдө маанилүү роль ойнойт
Йемендин улуттук куткаруу өкмөтүнүн премьер-министри Абдул Азиз бин Салех Хабтур Иран Ислам Республикасынын Палестинанын элине колдоо көрсөтүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, Сана “каршылык огуна” мүчө болуу менен сыймыктанат деп билдирди. Йемендин премьер-министри Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиандын каза болгондугуна байланыштуу Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеиге көңүл айтып, иран элине тилектештик билдирди. Ал Ирандагы оор жоготууга байланыштуу 22-майда Йемендин улуттук майрамы — Йемен Республикасынын жарыяланган күнүн (Йемендин биримдик күнү) белгилөө жылдырылганын билдирди. Ал…
Прочитайте больше