Үстүбүздөгү жылдын 11-15-июнь күндөрү Бишкекте экинчи “Бишкек эл аралык кинофестивалы” (БЭКФ) өтөт. Беш күнгө созулган фестивалга 20дан ашуун өлкөдөн 70тей коноктун келиши жана 200дөн ашык кино ишмерлеринин катышуусу күтүлүүдө. Анын алкагында, Иран киносунун жумалыгы да өтөт. “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборборунан маалымдашкандай, көрүүчүлөргө Ирандын төрт көркөм жана бир анимациялык тасмасы көрсөтүлөт. Алар «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борборунан мамлекеттик каттоо күбөлүктөрүн алышкан. Тасмалар Бродвей кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт. Көрүүчүлөргө Ирандын төмөнкүдөй тасмалары тартууланат:
Прочитайте большеDay: June 7, 2024
Курман айт 16-июнда белгиленет
Мусулмандардын ыйык деп саналган Курман айт майрамы Кыргызстанда 16-июнда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. “7-июнь жума күнү Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 15-июнь ишемби күнү арапа, 16-июнь жекшемби күнү Курман айт майрамы”, – деп айтылат билдирүүдө. Бул сапар Курман айт жекшемби күнгө туура келгендиктен, 17-июнь дүйшөмбү күнү өлкөдө жумуш эмес күн болуп эсептелет. Курман айт исламдагы улуу майрамдардын бири. Бул майрам Орозо бүткөндөн соң 70 күндөн кийин белгиленет. Бул күнү курмандыктар чалынып,…
Прочитайте большеТүркия БРИКСке мүчө болууну каалайт
Түркия БРИКСке кирүүнү каалайт, бул маселе биримдиктин министрлеринин Нижний Новгород шаарындагы жыйынында талкууланат. Бул тууралуу Кытайда иш сапары менен жүргөн Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан билдирди. “Албетте, биз БРИКСке мүчө болгубуз келет. Быйыл эмнеге жетише аларыбызды көрөбүз”, – деген министрдин сөзүн South China Morning Post (SCMP) гезити келтирди. Фидандын айтымында, айрым европалык мамлекеттер анын өлкөсүнүн Евробиримдикке киришине каршы, ошондуктан түрк бийлиги БРИКСти интеграция үчүн альтернативалуу аянтча катары карайт. “БРИКС кызматташуунун маанилүү платформасы катары кээ бир башка…
Прочитайте большеБалтика деңизинде НАТОнун эң ири Baltops 24 машыгуусу башталды
5-июнда Балтика деңизинде НАТОнун эң ири “Балтопс 24” деңиз машыгуусу башталды. Жалпысынан Түндүк Атлантика альянсына мүчө 20 өлкөдөн 50дөн ашык кеме, 80 учак жана тик учак, ошондой эле 9 миң аскер кызматкери катышууда деп билдирет Polsatnews агенттиги. Машыгуулар 20-июнга чейин уланат. «Деңизге чыккандан кийин кемелер тактикалык топторду түзүшөт. Аскер-деңиз авиациясы менен бирдикте абадан коргонууну камтыган операцияларды жүргүзүшөт; издөө, коштоо жана суу астында жүрүүчү кайыктарга каршы күрөшүү; миналарды коргоо; согуштук кемелерди түздөн-түз деңизде камсыздоо; десанттык операциялар…
Прочитайте больше“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду
6-июнда Пекин шаарында (Кытай Эл Республикасы) Кыргыз Республикасы, Кытай Эл Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюунун расмий аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шанжие жана Өзбекстан Республикасынын Транспорт министри Илхом Махкамов кол коюшту. Макулдашууга кол коюу аземинин алдында…
Прочитайте больше