Түркия БРИКСке кирүүнү каалайт, бул маселе биримдиктин министрлеринин Нижний Новгород шаарындагы жыйынында талкууланат.
Бул тууралуу Кытайда иш сапары менен жүргөн Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан билдирди.
“Албетте, биз БРИКСке мүчө болгубуз келет. Быйыл эмнеге жетише аларыбызды көрөбүз”, – деген министрдин сөзүн South China Morning Post (SCMP) гезити келтирди.
Фидандын айтымында, айрым европалык мамлекеттер анын өлкөсүнүн Евробиримдикке киришине каршы, ошондуктан түрк бийлиги БРИКСти интеграция үчүн альтернативалуу аянтча катары карайт.
“БРИКС кызматташуунун маанилүү платформасы катары кээ бир башка өлкөлөргө жакшы альтернатива сунуштап жатканын көз жаздымда калтыра албайбыз. Биз БРИКСтин потенциалын көрүп жатабыз”, – деп түшүндүрдү ал.
Фидан ошондой эле Пекиндеги иш-чарада Россияда өтө турган БРИКС өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышарына үмүт артарын билдирди. Бул жолугушууда НАТОго мүчө болгон Түркиянын БРИКСке кирүү мүмкүнчүлүгү темалардын бири болоору күтүлүүдө.
10-11-июнда Нижний Новгороддо БРИКС өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун айтымында, иш-чара биримдикке кирбеген өнөктөштөрдүн катышуусуна байланыштуу кеңейтилген форматта өтөт.
РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия Түркиянын БРИКСке болгон кызыгуусун кубаттай турганын билдирди.
«Биз, албетте, биздин коңшу мамлекеттердин, анын ичинде Түркия сыяктуу маанилүү өнөктөштөрдүн БРИКСке болгон кызыгуусун кубаттайбыз. Албетте, бул кызыгуунун темасы биз абдан активдүү даярданып жаткан Россиянын төрагалыгы астында өтө турган БРИКС саммитинин күн тартибинде болот”, – деди Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова БРИКС бирикмеси башка мамлекеттер үчүн ачык экенин, бирок ага кирүү үчүн белгилүү критерийлер бар экенин “Россия 24” каналынын эфиринде билдирди.
Йоханнесбургда 2023-жылдын 22-24-августунда Түштүк Африканын төрагалыгы алдында өткөн саммитте БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн башчылары уюмдун кеңейиши боюнча декларация кабыл алышкан. Ошол кезде анын курамына Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирген. 2024-жылдын 1-январында Египет, Эфиопия, Иран, Сауд Арабиясы жана БАЭ ассоциациянын толук кандуу мүчөсү болушкан.
Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган БРИКСтин саммитине 2018-жылы катышкан. Анда Россия президенти Владимир Путин Анкара 2022-жылы БРИКСке кошулушу мүмкүн экенин айткан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Түркия бул багытта эч кандай демилге көтөрө элек болчу.