Иран Конституциясынын сакчылар кеңеши алты жаранды президенттик шайлоого талапкер кылып бекитти. Шайлоо 28-июнга белгиленген. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өлкөнүн президенти Ибрахим Раисинин авиакырсыктан каза болушуна байланыштуу өткөрүлүүдө. Ирандын Ички иштер министрлигинин алдындагы Шайлоо штабынын өкүлү Мохсен Эслами алдыдагы шайлоого өткөн алты талапкерди атады. Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани; Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили; Межлистин (Иран парламентинин) спикери Мохаммад Багер Галибаф; Мурдагы прокурор Мустафа Пурмохаммади; Өлкөнүн вице-президенти Газизаде Хашеми; Парламенттин мүчөсү Масуд Пезешкян. Алты талапкер расмий каттоодон өткөн 80 кишинин ичинен тандалып…
Прочитайте большеDay: June 10, 2024
“D-8” жыйыны: Иран ислам өлкөлөрүн Израилге соода бойкотун жарыялоого чакырды
8-июнда Түркиянын Стамбул шаарында “D-8” деп аталган өнүгүп келе жаткан сегиз ислам өлкөсүнүн тобу Газа боюнча кезексиз жыйын өткөрдү. “D-8” же Ислам сегиздиги 1997-жылы Стамбулда Түркиянын премьер-министри Нежметтин Эрбакандын (1996-1997) демилгеси менен түзүлгөн. Ага Индонезия, Иран, Бангладеш, Пакистан, Түркия, Малайзия, Египет жана Нигерия кирет. Жыйында сөз сүйлөгөн Ирандын ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу Али Багери израилдик оккупация толук жок кылынмайынча жана өзөктүк куралсыздандырылмайынча Батыш Азияда тынчтык, туруктуулук жана толук жана чыныгы коопсуздук орнобой турганын билдирди. Соңунда ал Палестина…
Прочитайте большеПесков: Германиянын Россия менен согуш тууралуу билдирүүлөрү – НАТО менен ЕБге жагыш үчүн жасаган аракети
Немис бийлигинин Россия менен согушка даярдык көрүү боюнча билдирүүлөрү – Брюссель менен Вашингтонго жагыш үчүн жасаган аракети. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маегинде билдирген, анын үзүндүсүн журналист Павел Зарубин Telegram каналына жарыялады. “Германия Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин суверендүүлүк менен өз алдынчалуулуктун таңкыстыгынан ар дайым чоң көйгөйлөргө туш болуп келди. Бул таңкыстыктан кийин Германиянын бийлиги албетте Брюсселге, “Вашингтондук парткомуна” жана НАТОдогу Столтенбергге да жагууга аракет жасайт”, – деген Песков. Ал буга байланыштуу немис бийликтери кантип бөлүнүп-жарылып…
Прочитайте большеЧет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандан мүлк сатып алуусуна жол берген мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды
“Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 30-майда экинчи окууда колдогон. Ал эми бүгүн 10-июндагы чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети жыйынында үчүнчү окуудан колдоду. Эми долбоор парламенттин жалпы жыйынында үчүнчү окууда каралып, колдоо таба турган болсо, бул мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап чет өлкөлүктөр Кыргызстандан мүлк сатып алса болот. Бул…
Прочитайте больше