Ирандын ТИМ башчысы Кувейттин мураскер ханзаадасы менен аймактагы кырдаалды талкуулады

Ирандын ТИМ башчысы Кувейттин мураскер ханзаадасы менен аймактагы кырдаалды талкуулады

Бахрейн жана Кувейттин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү үчүн Перс булуңунун түштүгүнө сапары менен барган Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Арагчи кечээ, 22-октябрда Кувейттин мураскор ханзаадасы жана тышкы иштер министри менен жолугушууларды өткөрдү. Ирандын тышкы иштер министри Кувейтке келгенге чейин чөлкөмдүн бир катар өлкөлөрүндө болгон. Атап айтканда, Аракчи Ливан, Сирия, Сауд Аравия, Катар, Ирак, Оман, Иордания, Түркияга жана Бахрейнге барган. Бул сапарлар Газа жана Ливандагы учурдагы кырдаалды талкуулоо максатын көздөйт. Аракчини кабыл алган Кувейттин мураскер…

Прочитайте больше

KFCде “бойкот” деп кыйкырып, ызы-чуу чыгаргандарга кылмыш иши козголду. Видео

Бишкек шаарында KFC тамактануучу жайларынын биринде ызы-чуу чыгарган адамдардын тобу кармалып, аларга кылмыш иши козголду. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 18-19-октябрь күндөрү болгон. Азиат улутундагы белгисиз адамдар Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун тамактануучу жайларында коомдук жайда өзүн алып жүрүү эрежелерин одоно бузушуп, “Бойкот” деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен, коомдук жайга бүлүк салып, коомчулукка жат көрүнгөн аракеттерин жазашып, интернет тармактарында өздөрүнүн аккаунттарына жарыялашкан. Видеоплеер 00:00 00:43 ИИМ жарыялаган…

Прочитайте больше

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын ишкерлери Ирандагы эки эл аралык көргөзмөгө катышат

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын ишкерлери Ирандагы эки эл аралык көргөзмөгө катышат

Ирандын Мешхед шаарында өлкөнүн эркин жана атайын экономикалык аймактарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн жана экспорттук потенциалынын 8-көргөзмөсү жана Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Ооганстанга экспорттун эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Хорасан Резави провинциясынын экономикалык иштер боюнча координаторунун орун басары Хасан Нуризаде билдирди. Анын айтымында, бул эки эл аралык көргөзмө 22-октябрдан тарта Мешхеддеги эл аралык көргөзмөлөрдүн туруктуу ордунда төрт күн бою өткөрүлөт. Нуризаде белгилегендей, бул эки көргөзмөгө коңшу жана Борбор Азиядан 10го жакын өлкөнүн ишкерлери…

Прочитайте больше

Араб өлкөлөр лигасы чукул жыйын өткөрөт

Араб өлкөлөр лигасы чукул жыйын өткөрөт

Араб мамлекеттеринин лигасы бүгүн Израилдин Газадагы Палестина элине каршы геноциди маселеси боюнча туруктуу өкүлдөр деңгээлинде чукул жыйын өткөрөт. Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, Араб Лигасынын билдирүүсүндө туруктуу өкүлдөрдүн бүгүн Египеттин борбор шаары Каирде чогулуп, Газада Палестина элине каршы жасалып жаткан геноцид жана мажбурлап көчүрүүнү токтотуу үчүн эл аралык деңгээлде жана араб мамлекеттеринин деңгээлинде мүмкүн болгон чараларды талкуулоо үчүн чогула турганы белгиленди. Палестинанын Араб Лигасындагы туруктуу өкүлү Муханнад аль-Аклук мурдараак Израилдин палестиналыктарга каршы кылмыштарын талкуулоо үчүн жолугушууга…

Прочитайте больше

Ирандын жогорку лидери: ХАМАС тирүү жана жашай берет

Ирандын жогорку лидери: ХАМАС тирүү жана жашай берет

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи Израилдин чабуулунда шейит болгон ХАМАСтын Саясий бюросунун жетекчиси Яхья Синвардын өлүмү “Каршылык огун” токтотпой турганын айтты. “ХАМАС тирүү жана жашай берет”, – деп Хаменеи мусулман элдерине жана аймактагы эр жүрөк жаштарга кайрылып жатып билдиргенин анын khamenei.ir расмий сайты жазды. Ирандын Жогорку лидери бүт өмүрүн баскынчы душманга жана эзүүчүгө каршы күрөшкө арнап өткөн Яхья Синвардын жасаган иштерин жогору баалады. “Мужахид-баатыр колбашчы Яхья Синвар өзүнүн шейит шериктерине кошулду. Ал Каршылык көрсөтүүнүн жана Жихаддын эң мыкты…

Прочитайте больше

ЖМК: Байден Европага сапарында Зеленскийден качууда

ЖМК: Байден Европага сапарында Зеленскийден качууда

АКШнын президенти Жо Байден украиналык кесиптеши Владимир Зеленскийден Европага жасаган сапарында качууга аракет кылып, аны менен жашынмак ойноп жатат, деп жазат Berliner Zeitung гезити өз булактарына таянуу менен. «Бирок Байден «Милтон» бороонунан улам Германиядагы америкалык Рамштайн базасына барбай калды. Рамштайнга Украинанын президенти Владимир Зеленский да келмек. Бирок андан эч нерсе чыккан жок», – деп белгилейт басылма. Батыш лидерлеринин аны менен кызматташуудан баш тартууга, андан соң Орусияга алгылыктуу тынчтык сунуштарын киргизүүгө болгон ыктымал тымызын каалоосу тууралуу…

Прочитайте больше

Иран БРИКСтин саммитинде дүйнөнүн көңүлүн “Израилдин кылмыштарына” бурууга ниеттенүүдө

Иран БРИКСтин саммитинде дүйнөнүн көңүлүн “Израилдин кылмыштарына” бурууга ниеттенүүдө

Ирандын президенти Масуд Пезешкинн менен республиканын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Казанда өтө турган БРИКС саммитинде башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен “Израилдик коркунучту” талкуулоо ниетинде. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи билдирди. “Казандагы БРИКС саммитине катышуубузду дипломатиялык консультацияларды өткөрүүгө жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн сионисттик режимдин кылмыштарынын уланып жатканынан улам келип чыккан коркунучтарга буруу үчүн аракет кылууну көздөп жатабыз”, – деди ал брифингде. 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин Газадагы согушунан 42,6 миң…

Прочитайте больше

Ирандын ТИМ башчысы: Иран Израилдин ыктымал чабуулуна дароо жооп кайтарат

Израилдин Иранга ар кандай чабуулу “кызыл сызык” болуп саналат, анын артынан пропорционалдуу жооп кайтарылат, бирок Тегеран шашылбайт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи ишембиде түркиялык NTV телеканалына берген маегинде билдирди. «Эгерде Израиль бизге кол салса, анда биз жооп берүүгө толук даярбыз. Биз ошого жараша жооп беребиз, бирок Израиль биздин даярдыгыбызды сынабайт деп үмүттөнөбүз», – деди Аракчи. Ал Иранга жасалган ар кандай чабуул Ислам республикасы үчүн кызыл сызык экенин айтып, мындай чабуул реакциясыз калбай турганын белгиледи….

Прочитайте больше

Кремль Трамптын Москвага сокку урам деген коркутуусуна комментарий берди 

Кремль Трамптын Москвага сокку урам деген коркутуусуна комментарий берди 

АКШнын мурдагы президенти жана бул кызматка талапкер Дональд Трамптын Москванын борборуна сокку урам деген коркутуулары шайлоо өнөктүгү менен байланыштуу. Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. The Wall Street Journal (WSJ) басылмасынын маалыматына караганда, АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүсүндө аны “эгерде Украинага чабуул жасалса, Москванын борборуна сокку ура турганын” айтып коркутканын билдирген. Песков америкалык саясатчылар азыр АКШда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында, өзгөчө анын акыркы стадиясында көптөгөн ар кандай…

Прочитайте больше

Марс Сариев глобалдык түштүк деп аталган контрдолбоор тууралуу

Марс Сариев глобалдык түштүк деп аталган контрдолбоор тууралуу

Жакынкы күндөрү Москвада КМШ өлкөлөрүнүн саммити, андан кийин Ашхабадда эл аралык форум, азыр Казанда БРИКСтин алкагында жыйын болуп жатат. Саясат таануучу Марс Сариев мындай иш чаралардын артында эмне турганын айтып берди. – Азыр Россия КМШны жаңы мазмун менен толуктап жатат жана Владимир Путиндин Улуу Ата Мекендик согуш учурунда сүйлөгөн сөздөрүнө караганда, биздин бардык өлкөлөрдү бириктирген нерсеге басым жасалууда. Менимче, Экинчи дүйнөлүк согуштан башка күчтүү байланыштырчу нерселер калган жок, анткени Орусия Ельциндин доорунан бери өтө туура…

Прочитайте больше

ЖМКлар FETO′нун негиздөөчүсү Фетхуллах Гүлен көз жумганын жазышты

ЖМКлар FETO′нун негиздөөчүсү Фетхуллах Гүлен көз жумганын жазышты

Түркияда террордук деп жарыяланган FETO уюмунун лидери, дин аалымы Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери жашап жаткан АКШда көз жумганын FETOго жакын “Herkul” порталы билдиргенин ТАСС агенттиги жазды. 83 жаштагы Гүлендин өлүмү тууралуу маалыматты анын жээни Эбуссеме Гүлен тастыктаганын CNN Turk кабарлады. Гүлен 20-октябрда Пенсильвания штатындагы клиникалардын биринде каза болгону маалымдалат. Түркия бийлиги Гүлендин FETO уюмун 2016-жылы болгон мамлекеттик төңкөрүштү уюштурган деп күнөөлөп келет. Эки күнгө созулган тирештин натыйжасында 250дөн ашуун адам каза болуп, 2,2 миңи жарадар…

Прочитайте больше

Түркиянын ТИМ башчысы Стамбулда ХАМАСтын жетекчилиги менен жолугушту

Түркиянын ТИМ башчысы Стамбулда ХАМАСтын жетекчилиги менен жолугушту

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Стамбулда ХАМАСтын кеңешме органынын төрагасы Мухаммад Исмаил Дервиш жана кыймылдын Саясий бюросунун мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. “Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы, өзгөчө Газа тилкесинин түндүгүндөгү гуманитардык абал талкууланды. Хакан Фидан Түркиянын Газадагы гуманитардык апаат менен күрөшүү үчүн эл аралык коомчулукту мобилизациялоо үчүн бардык дипломатиялык каражаттарды колдоно турганын баса белгиледи. Ошондой эле барымтадагыларды жана туткундарды алмаштырууга мүмкүндүк бере турган ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн контекстинде да учурдагы кырдаал талкууланды»,…

Прочитайте больше

Яхья Синвар өз өмүрүн Палестина үчүн берди. Иран бийлигинин ХАМАСтын лидеринин өлүмүнө байланыштуу билдирүүсү

Яхья Синвар өз өмүрүн Палестина үчүн берди. Иран бийлигинин ХАМАСтын лидеринин өлүмүнө байланыштуу билдирүүсү

Иран бийлиги палестиналык ХАМАС кыймылынын лидери Яхья Синвардын Израиль тарабынан өлтүрүлүшүнө байланыштуу билдирүү жасады. 17-октябрда Израиль армиясы (ЦАХАЛ) Синвар Газанын Рафах шаарында жок кылынганын жарыялаган. 18-октябрда кыймылдын башчысынын орун басары Халиль аль-Хайя Синвар Газада өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты тастыктаган. Иран ТИМи: Синвар өз өмүрүн Палестина үчүн берди Ирандын Тышкы иштер министрлиги жума күнү жасаган өз билдирүүсүндө ХАМАСтын лидери шейит Яхья Синвардын каза болгондугуна байланыштуу палестиналыктарга көңүл айтып, ал баалуу өмүрүн Палестина маселесине арнаганын билдирди. “Синвар Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын коргоо…

Прочитайте больше

Ирандык саясатчы: “Перс булуңундагы үч арал Ислам Республикасынын аймагынын ажырагыс бөлүгү”

Ирандык саясатчы: “Перс булуңундагы үч арал Ислам Республикасынын аймагынын ажырагыс бөлүгү”

Ирандын Жогорку лидердин эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Али Акбар Велаяти Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши менен Евробиримдиктин биргелешкен билдирүүсүн айыптап, Перс булуңундагы Абу Муса, Чоң Томб жана Кичи Томб аралдары Иран Ислам Республикасынын аймагынын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи. 16-октябрда Брюсселде Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши менен Евробиримдиктин лидерлери саммит өткөрүп, жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алып, анда  Иран Перс булуңундагы үч аралда (Абу Муса, Чоң Томб жана Кичи Томб аралдары) «баскынчы» катары сыпатталган. Велаяти…

Прочитайте больше

Талибан Борбор Азия өлкөлөрү менен кандай долбоорлорду ишке ашырат?

Талибан Борбор Азия өлкөлөрү менен кандай долбоорлорду ишке ашырат?

Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстан менен экономикалык жана саясий байланыштарды сактап, талиптерди террорчулардын тизмесинен чыгарууга даяр. Asia Today маалымат агенттиги Борбор Азия мамлекеттери менен Кабул кандай долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатканы тууралуу макала жарыялады. Казакстан жана Ооганстан: кызматташтыктын негизги багыттары Казакстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Ооганстандын азыркы бийлигин колдоп, алар менен тыгыз мамилесин уланта баштады. Серепчилер эки тарап тең Кабул менен соода алакасын чыңдоого кызыкдар экенин белгилешүүдө, бул алардын геосаясий жана ички тобокелчиликтерге карабастан ар…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 6