Иран Гератка темир жол куруп жатат, Түркмөнстан ТАПИ долбооруна кайтып келди. Ал арада талиптер коңшу Кытайга түз чыгуу үчүн Вахан коридорун ачууну көздөп жатышат. Өзбекстандык талдоочулар Анвар Юлдошев менен Наргиза Умарова Kun.uz сайтынын “Геосаясат” программасында Ооганстандагы геоэкономикалык долбоорлор жана аймактык транзиттик атаандаштык тууралуу айтып беришти. Наргиза Умарованын айтымында, Ооганстандын ички аймактарына жеткен жалгыз темир жол Өзбекстан курган Термез-Мазари-Шариф темир жолу. Бул жол Афганистандын тышкы соодасында маанилуу орунду ээлейт. Өзбекстан мындан өз ара соода аркылуу гана эмес, транзиттик өлкө катары…
Прочитайте большеMonth: October 2024
Эрдоган: Дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде сионисттик лоббинин таасири бар
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде сионисттик лоббинин таасири бар экенин билдирди. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги жазды. “Газадагы геноцид сионисттик лоббинин дүйнөдөгү эң абройлуу университеттерге таасири бар экенин көрсөттү”, – деди Эрдоган Анкарада окуу жылынын башталышына арналган иш-чарада. Түрк президенти ошондой эле Батыш өлкөлөрүн Газадагы сионисттик режимдин геноцидинин алдын алалбагандыгы үчүн айыптады. Түрк мамлекет башчысы Палестинаны колдоо демонстрацияларына уруксат берген университеттердин ректорлор кызматтан кетүүгө аргасыз болгонун, АКШ Конгрессинде суракка алынганын, тынч митингдерге катышкан…
Прочитайте большеГазадагы согушка бир жыл: үрөй учурган сандар жана фактылар
Израиль мындан бир жыл мурун 7-октябрь күнү палестиналык ХАМАС кыймылынын чабуулуна жооп иретинде Газа тилкесинде согуш баштап, анклавды толугу менен блокадага алгандан бери Газада кеминде 41,9 миң адам каза болду, алардын көбү аялдар жана балдар. Ошондой эле 97,1 миңден ашуун палестиналык ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышты. Израилдин Газада жүргүзгөн согуштук аракеттери адам өмүрүн алып гана тим болбостон, ошондой эле Газанын талкаланып, урандыга айланышына алып келди. Чыр-чатак тез арада токтоп калган жок, Израиль алгач айтылган максаттарына…
Прочитайте большеМадуро Насралла менен Ханиянын өлтүрүлүшүнүн себебин атады
Венесуэланын президенти Николас Мадуро Израиль бийлиги “Хезболла” кыймылынын башкы катчысы шейх Хасан Насралланы жана палестиналык “Хамас” кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны өлтүрүү операцияларын уюштурганына ишенет. Бул аракеттер Мадуронун айтымында, ок атышууну токтотуу келишимдерине кол коюуну үзгүлтүккө учуратууга багытталган. Бул тууралуу ал VTV каналынын эфиринде билдирди. «Алар Насралланы АКШ Нетаньяху кабыл алат деп айткан тынчтык келишими бекитилип жатканда өлтүрүштү. Алар Ханияны Ирандын шайланган президенти менен диалогу белгиленгенде эле Тегеранда өлтүрүшкөн. Мунун мааниси эмнеде эле? Бул бүткүл аймакка зордук-зомбулук алып келүүгө багытталган…
Прочитайте большеЛивандан чет элдиктер массалык түрдө эвакуацияланууда
1-октябрдан бери Израиль Ливандын түштүгүндө “Хезболла” кыймылына каршы кургактан операция жүргүзүп, коңшу өлкөнү абадан бомбалоону улантууда, анда миңден ашуун адам, анын ичинде кыймылынын лидерлери каза болуп, 90 миңден ашуун качкынга айланды. Израилдин операциясынын фонунда Ливандан он миңдеген адамдар чыгып кетүүдө. Мурда Ливанга качкан сириялыктар мекенине кайтып жатышат. БУУнун маалыматы боюнча, Израиль Ливандагы Хезболланын буталарына сокку ура баштагандан бери кеминде 100 миң адам Сирияга качкан. БУУнун Качкындар боюнча агенттиги жана анын өнөктөш уюмдары чек ара өткөрүү…
Прочитайте большеИрандын ТИМ башчысы Ливанда өлкө жетекчилиги менен ок атышууну токтотууга жетишүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ливандын бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ислам Республикасынын делегациясынын башында Бейрутка келди. Бул тууралуу Иран департаментинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи билдирди. Ал буга чейин тышкы иштер министри Аббас Арахкчи жетектеген делегация, ошондой эле Межлистин (парламент) эки депутаты жана Кызыл Жарым Ай Коомунун башчысы Ливандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушарын Х соцтармактагы баракчасына жазган. Анын айтымында, ирандык делегациянын сапарынын алкагында Ливанга азык-түлүк жана дары-дармектен турган 10 миң тонна гуманитардык жардамдын партиясы…
Прочитайте большеПхеньян Сеулдун эскертүүсүнөн кийин Түштүк Кореяны өзөктүк курал менен коркутту
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун эгер Түндүк Корея өзөктүк курал колдонсо, алардын режими ошол замат токтойт деген билдирүүсүнө жооп кайтарып, эгер алар өзөктүк курал колдонушса, алар да эч ойлонбостон жооп кайтара турганын билдирди. “Түндүк Корея өзүнүн душмандарынын чабуулдарына жооп катары, өзөктүк куралды колдонушу мүмкүн. Мисалы Түштүк Кореяга каршы…”,-деген билдирүүсүн жарыялаган Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) маалыматтарына таянуу менен Reuters басылмасы жазды. Түндүк Кореянын лидери түштүк кореялык кесиптеши Юн…
Прочитайте большеХаменеи Израилге эскертүү берди
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Израилге каршы массивдүү ракеталык чабуулу менен бир убакта Ислам революциясынын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өзүнүн X соцтармактагы баракчасына иврит тилинде билдирүү жасады. Хаменеи өз билдирүүсүндө Израилге каршы исламдык каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн чабуулдары дагы масштабдуу боло турганын эскертти. “Сионисттик режимдин (Израиль – ред.) чирип бараткан денесине каршылык көрсөтүү фронтунун соккулары дагы катуу болот”, – деп жазды аятолла. 1-октябрдын кечинде Иран ракеталар менен Израилдин аймагына массалык сокку урду. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы…
Прочитайте больше“Болуп көрбөгөндөй чабуул”. Дүйнөлүк ЖМКлар Ирандын Израилге жасаган чабуулуна реакция жасашты
Ирандын Израилге жаңы ракеталык чабуулдарына реакция жасаган дүйнөлүк маалымат каражаттары бул чабуул эки өлкөнүн тирешинде бурулуш учур болгонун жазышууда. 1-октябрдын кечинде Иран ракеталар менен Израилдин аймагына массалык сокку урду. Иран “Садег-2” операциясынын алкагында Израилге карай 200 ракета учурулганын анын натыйжасында жөөт мамлекетинин маанилүү үч аба базасы бутага алынганын билдирди. Иран Израилге кол салуу учурунда биринчи жолу “Фатех” гиперүндүү ракетасын колдонгонун кийинчирээк Ирандын мамлекеттик IRIB агенттиги билдирди. Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) басма сөз кызматы Иран Израилге…
Прочитайте большеА. Жапаров менен Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефтин жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди. “Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө, транспорт жана логистика тармагында өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун келечегин талкуулашты”,- деп айтылат маалыматта. Белгилей кетүүчү жагдай, учурда Армениянын борбору Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө….
Прочитайте большеӨч алды. Иран Израилге массивдүү ракеталык соккуларды урду. Видео
2-октябрга караган түнү Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилге жүздөгөн ракеталар менен сокку урду. Бул тууралуу ирандык IRNA агенттиги кабарлады. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы, генерал-майор Хоссейн Салами басып алынган аймактарга карай 200 ракета учурулганын жарыялады. Ислам Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги генерал-лейтенант Мохаммад Багери “Садег-2” операциясынын алкагында Израилдин маанилүү үч аба базасы бутага алынганын билдирди. “Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аба күчтөрү бүгүн түнү баатырдык жана эр жүрөк операциялары менен сионисттик режимдин көптөгөн кылмыштары үчүн өч алды”,…
Прочитайте большеГаити калкынын жарымы кылмыштуу топтордун аракетинен улам ачарчылыкка кабылды
Жаңы отчетто Гаитиде 5,41 миллион адам “азык-түлүк коопсуздугунун жогорку деңгээлин” башынан кечирип жатканы жана кылмыштуу топтордун согуштары жана инфляция кризистин негизги себептери экени айтылат, деп жазат Zakon.kz. Аль-Жазиранын маалыматы боюнча, Гаити калкынын дээрлик 48% куралдуу бандалардын тынымсыз зордук-зомбулуктарынан улам катуу тамак-аш тартыштыгына дуушар болууда. Дүйшөмбү күнү жарыяланган Азык-түлүк коопсуздугунун интеграцияланган фазалык классификациясы (IPC) отчетунда Кариб деңизиндеги кризистен жабыркаган өлкөдө 5.41 миллион адам 2024-жылдын августунан 2025-жылдын февралына чейин “курч тамак-аш коопсуздугунун жогорку деңгээлине” туш болгон. Жалпы…
Прочитайте большеАКШда химиялык заводдо ири өрт чыкты
29-сентябрда АКШнын Джорджия штатындагы BioLab химиялык заводунда чыккан ири өрттүн кесепетинен атмосферага хлор бөлүнүп, Рокдейл округунун 90 миңден ашуун тургуну үйлөрүнө баш калкалоого аргасыз болду. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазып чыкты. “Ар бир аймакта баш калкалагандар үчүн эң жакшы тажрыйба – бул кондиционерди өчүрүү жана терезелер менен эшиктерди жабык кармоо”, – деп айтылат округдук өкмөттүн билдирүүсүндө. Өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00 чамасында чектөөгө алынган. Шерифтин басма сөз катчысы Кристин Неспит эвакуациялангандардын так саны белгисиз…
Прочитайте большеPolitico: Ак үй Израилди тымызын колдогон
Америкалык расмий өкүлдөр Израилди Ливандын “Хезболла” кыймылына аскерий кысымды күчөтүү чечимин колдой тургандыктарына тымызын ишендиришкен. Бул тууралуу Politico гезити израилдик жана америкалык расмий булактарга таянуу менен билдирди. Алардын маалыматы боюнча, АКШнын атайын чабарманы Амос Хокстин жана Улуттук коопсуздук кеңешинин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча координатору Бретт МакГурк азыркы окуялардан бир нече жума мурун Израилдин жогорку даражалуу өкүлдөрүнө Кошмо Штаттары «Израилдин премьер-министринин стратегиясы менен макул» деп айтышкан. Биньямин Нетаньяху “Хезболланы” сүйлөшүүгө мажбурлоо үчүн жөөт мамлекетинин аскерий аракеттеринин борбору түндүккө жылышын билдирген….
Прочитайте большеБир катар өлкөлөр “Хезболланын” лидеринин өлүмүнө байланыштуу Ливанга көңүл айтышты
Өткөн аптадан бери Израилдин аба күчтөрү Ливандын ар кайсы аймактарына массивдүү соккуларды урууда. 27-сентябрда Ливандын борбору Бейруттун түштүк бөлүгүндө максаттуу аба соккулары жасалып, анын натыйжасында “Хезболла” кыймылынын жогорку даражалуу командирлери, анын ичинде кыймылдын көп жылдардан берки лидери Хасан Насрулла каза тапкан. Кыймыл 28-сентябрда Насрулланын өлүмүн расмий тастыктаган. “Хезболла” кыймылынын лидеринин өлүмүнө байланыштуу Батыш Азиядагы бир катар өлкөлөр Израилдин бул аракетин айыптап, Ливан элине жана “Хезболла” кыймылына көңүл айтып жатышат. Палестина Палестинанын улуттук администрациясынын лидери Махмуд Аббас ишемби күнү ливандык…
Прочитайте больше