Эрдоган: Дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде сионисттик лоббинин таасири бар

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде сионисттик лоббинин таасири бар экенин билдирди. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги жазды.

“Газадагы геноцид сионисттик лоббинин дүйнөдөгү эң абройлуу университеттерге таасири бар экенин көрсөттү”, – деди Эрдоган Анкарада окуу жылынын башталышына арналган иш-чарада.

Түрк президенти ошондой эле Батыш өлкөлөрүн Газадагы сионисттик режимдин геноцидинин алдын алалбагандыгы үчүн айыптады.

Түрк мамлекет башчысы Палестинаны колдоо демонстрацияларына уруксат берген университеттердин ректорлор кызматтан кетүүгө аргасыз болгонун, АКШ Конгрессинде суракка алынганын, тынч митингдерге катышкан университет студенттери коркутууларга туш болушканын белгиледи.

Эрдоган буга чейин Газадагы согуштун башталганынын бир жылдыгына карата, X соцтармагындагы расмий баракчасына “Израиль бир жыл мурда тирүү болгон Газадагы 50 миңдей балдарды жана аялдарды ырайымсыздык менен өлтүрдү”, – деп жазган.

Израилдин көп жылдардан бери уланып келе жаткан оккупациясын жана массалык өлтүрүү саясатын токтотуу зарылдыгын баса белгилеген Эрдоган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, нацисттик Германиянын лидери Адольф Гитлер өз убагында токтотулгандай эле токтотуларын баса белгилеген.

“Израиль бир жылдан бери жасап келген жана ушул күнгө чейин жасап жаткан бул геноциддин акысын эртеби-кечпи төлөй турганын унутпашыбыз керек. Биз Израиль бийлигине кандай болсо да каршылык көрсөтүүнү улантабыз жана дүйнөнү бул позицияга чакырабыз. Адамзаттын жалпы биримдиги менен Гитлер токтотулгандай, Нетаньяху жана анын киши өлтүрүүлөрү да ошондой токтотулат”, – деп жазды Эрдоган социалдык тармакта.

Израиль мындан бир жыл мурун 7-октябрь күнү палестиналык ХАМАС кыймылынын чабуулуна жооп иретинде Газа тилкесинде согуш баштаган.

Чатак башталгандан дээрлик үч жума өткөндөн кийин Израиль Газада кургактыктан операция баштаган жана Палестина анклавы иш жүзүндө түштүк жана түндүк бөлүккө бөлүнгөн. Май айында Израиль армиясы ХАМАСтын акыркы таянычы деп эсептеген Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына операция баштаган. Анын жүрүшүндө Израиль Рафах көзөмөл-өткөрүү пунктунун палестин тарабына жана Филадельфия коридоруна көзөмөл орнотуп, Египеттин нааразычылыгын жараткан.

Андан бери Газада кеминде 41,9 миң адам каза болду, алардын көбү аялдар жана балдар. Ошондой эле 97,1 миңден ашуун палестиналык ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышты. Израилдин Газада жүргүзгөн согуштук аракеттери адам өмүрүн алып гана тим болбостон, ошондой эле Газанын талкаланып, урандыга айланышына алып келди.

Комментарий жиберүү