Газадагы согушка бир жыл: үрөй учурган сандар жана фактылар

Израиль мындан бир жыл мурун 7-октябрь күнү палестиналык ХАМАС кыймылынын чабуулуна жооп иретинде Газа тилкесинде согуш баштап, анклавды толугу менен блокадага алгандан бери Газада кеминде 41,9 миң адам каза болду, алардын көбү аялдар жана балдар. Ошондой эле 97,1 миңден ашуун палестиналык ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышты. Израилдин Газада жүргүзгөн согуштук аракеттери адам өмүрүн алып гана тим болбостон, ошондой эле Газанын талкаланып, урандыга айланышына алып келди.

Чыр-чатак тез арада токтоп калган жок, Израиль алгач айтылган максаттарына жетмейинче согуш бүтпөй турганын билдирген: бардык барымтадагыларды бошотуу, ХАМАСты толугу менен жок кылуу жана Газадан Израилге коркунуч келбей тургандыгына кепилдик берүү.

Чатак башталгандан дээрлик үч жума өткөндөн кийин Израиль Газа тилкесинде кургактыктан операция баштаган жана Палестина анклавы иш жүзүндө түштүк жана түндүк бөлүккө бөлүнгөн. Май айында Израиль армиясы ХАМАСтын акыркы таянычы деп эсептеген Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына операция баштаган. Анын жүрүшүндө Израиль Рафах көзөмөл-өткөрүү пунктунун палестин тарабына жана Филадельфия коридоруна көзөмөл орнотуп, Египеттин нааразычылыгын жараткан.

Жаңжалдын башталышы

Израиль Газадагы эң кандуу жана кыйратуучу аскердик кампаниялардын бирин былтыр 7-октябрда ХАМАС кыймылы Израилге каршы “Аль-Акса топон суусу” операциясын жарыялап, ракеталык сокку уруп, ХАМАС жоокерлери жөөт мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, 250дөй кишини барымтага алып кетишкенден кийин баштаган. Анда Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жаракат алганы айтылган.

Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы “Темир кылыч” операциясын баштап, чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.

Курмандыктар жана кыйроолор

365 күндүн ичинде Израилдин ХАМАСты жок кылууга умтулуусу карапайым калк арасында  чоң жоготууларына алып келип, 2 миллиондон ашуун калк жашаган Газанын инфраструктурасын жер менен жексен кылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши март айында Газа тилкесинде ок атышууну дароо токтотуу жана бардык барымтадагыларды эч кандай шартсыз бошотууну талап кылган резолюция кабыл алгандыгына карабастан, анклавды бир жылдан бери уланып келе жаткан бомбалоо токтой элек жана өлгөндөр жана жарадарлардын азайган жок.

Газаны Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча октябрдан бери анклавда жалпы 41 870 киши каза таап, еще 97 166и жаракат алган. Батыш жээкте дагы 700дөн ашуун палестиналык, анын ичинде 150дөн ашуун бала каза болду. Өлгөндөрдүн так саны мындан да көп деп эсептелүүдө. БУУнун маалыматына караганда, Газадагы турак жайлардын урандыларынын астында дагы эле 10 миңден ашуун адам калууда. ДСУнун маалыматы боюнча, жаракат алгандардын кеминде төрттөн бири өмүрүн өзгөрткөн жаракаттарды алышкан, алардын көбү ампутацияны жана кеңири реабилитацияны талап кылат.

Акыркы суткада эле Израилдин Газанын борборундагы жер которгон палестиналыктар баш калкалаган мечит жана мектепке жасаган чабуулунан 26 кишинин каза болуп, ондон ашуун киши жаракат алганын Газаны Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун басма сөз катчысы Маргарет Харрис Газа тилкесиндегидей саламаттыкты сактоо системасынын системалуу түрдө талкаланышына эч качан күбө болбогонун айтты.

Маалыматка караганда, израилдик күчтөр жекшемби күнү эртең менен Ибн Рушд мектебине жана Дейр аль-Балахтагы Аль-Акса шейиттери мечитине сокку урган. Израилдик аскерлердин айтымында, соккулар эки имаратты тең команда жана башкаруу борборлору катары колдонгон ХАМАСтын жоокерлерин бутага алуу үчүн жасалган.

Уланып жаткан согуш Газа тилкесинин инфраструктурасына олуттуу зыян келтирип, имараттар урандыга айланды.

БУУнун Спутник борбору (ЮНОСАТ) сентябрдын аягында Газа тилкесиндеги бардык имараттардын болжол менен 66%ы же 163,000ден ашууну былтыр 7-октябрдан бери анклавдагы жаңжалда талкаланган же зыянга учураганын билдирген.

БУУнун эсеби боюнча Газа тилкесин калыбына келтирүү 80-90 миллиард долларга бааланат, ал эми  инфраструктураны реконструкциялоо үчүн жети-сегиз жыл керектелерин Палестинанын Россия Федерациясындагы элчиси Абдель Хафиз Нофал «Известия» гезитине берген маегинде билдирди.

Ачарчылык

Ар тараптан блокада алынган Газа тилкесинин дээрлик бардык калкы азыркы тапта тамак-аштын катуу жетишсиздигинен улам ачарчылыкка туш болууда.

БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини август айында 1 миллион, сентябрда болсо 1 миллион 400 миң газалыктын азык-түлүк жардамын албаганын билдирген.

Газа тилкесине гуманитардык жана медициналык жардамдар октябрь айынын аягында “Рафах” өткөрүү пунктунан Египет тарабы аркылуу келе баштаган, бирок ал анклав калкынын муктаждыктарын канааттандырууга жетишсиз болгон. Израиль Газага жардам жеткирип жаткан жүк ташуучу унааларды текшерүүнүн татаал процедуралары үчүн сынга алынган. Гумжардам жеткирүү Израиль аскерлери чек ара өткөрүү бекетинде палестин тарабына көзөмөл орноткондон кийин абдан татаалдашкан.

Жаңжалды жөнгө салуу аракеттери

Израиль-Палестина чыр-чатагы башталгандан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана ок атышууну токтотуу боюнча сансыз чакырыктар болду. БУУнун Коопсуздук Кеңешине көп сандаган тиешелүү резолюциялар киргизилген, бирок алардын көбүнө Израилди колдогон АКШ бөгөт койгон.

2023-жылдын ноябрь айынын аягында Египет, Катар жана АКШнын ортомчулугу менен жетишилген жана бир жумага созулган элдешүү болгон. Анын жүрүшүндө кээ бир израилдик барымтачылар Израилдин камагындагы палестиналыктарга алмаштырылган.

Декабрда согуштук аракеттер кайра жанданган. Израиль Газа тилкесине такай чабуулдарын улантууда, ал эми палестиналык топтор Израилдин шаарлары менен конуштарына мезгил-мезгили менен ракеталарды атууда. Каирде жана Дохада бир нече жолу сүйлөшүүлөргө жана консультацияларга карабастан, ортомчулардын макулдашууга жетишүү боюнча кийинки бардык аракеттери ийгиликсиз болгон. Израиль ал тургай, мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айында ок атышпоого макул болгон эмес.

Учурда сүйлөшүүлөр туңгуйукка кептелди, анткени тараптар кандайдыр бир олуттуу компромисске барууга жетишээрлик ийкемдүүлүктү жана даярдыгын көрсөтпөй, ок атышууну токтотуу келишимин, барымтадагыларды камактагыларга алмашууну үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн бири-бирин айыптап жатышат.

Комментарий жиберүү