Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы ушул аптада бардык класстар кадимки окуу режимине өтөөрүн билдирди.
Eurasia Today маалымат порталынын 24.kg сайтына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, 4- чейректин башталышы менен 2, 3, 4, 6, 7, 8, 10- класстар оффлайн окуу режимине өтүшүп, мектептер кадимкидей иштешерин билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирди.
Анын айтымында, буга чейин 9- мартта 1, 5, 9- класстар оффлайн окуу форматына өтүшкөн эле. Бул аралыкта 13 окуучу жана 14 мугалим коронавирус жуктуруп алган.
Ал эми, мындан аркы эпидабал 2 жума ичинде билинет,-деп кошумчалады Эльмира Иманалива.
Эске салсак, кечээ 101 адам коронавирус менен катталган, ал эми бүгүн 53 бейтапка жеткен.