Мухаммад Жавад Зариф Тажикстандын президенти менен жолугушту

Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен Дүйшөмбүдө жолугушту.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстанда өтүп жаткан “Азия жүрөгү – Стамбул процесси” конференциясына катышып жаткан Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф, президент Эмомали Рахмон менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу маселелер жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, соода, энергетика, өнөр жай, транспорт, илим жана маданият жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланып, биргелешкен кызматташтык комиссиясынын ролунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Ошондой эле, бул жолугушууда терроризмге жана экстремизмге, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана башка чек арадагы уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешкен кызматташтык талкууланды.
Ирандын Тышкы иштер министри Азия жүрөгү конференциясына катышкан башка тышкы иштер министрлери менен катар Тажикстандын Президентинин расмий сый-тамагына да катышты.

Комментарий жиберүү