1-апрелден баштап, бардык класстар мектепке кайтып келишет

Бишкек мэриясынын  билим берүү башкармалыгы ушул аптада бардык класстар кадимки окуу режимине өтөөрүн билдирди.

Eurasia Today маалымат порталынын 24.kg сайтына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, 4- чейректин башталышы менен 2, 3, 4, 6, 7, 8, 10- класстар оффлайн окуу режимине өтүшүп, мектептер кадимкидей иштешерин билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирди.
Анын айтымында, буга чейин 9- мартта  1, 5, 9- класстар оффлайн окуу форматына өтүшкөн эле. Бул аралыкта 13 окуучу жана 14 мугалим коронавирус жуктуруп алган.
Ал эми, мындан аркы эпидабал 2 жума ичинде билинет,-деп кошумчалады Эльмира Иманалива.
Эске салсак, кечээ 101 адам коронавирус менен катталган, ал эми бүгүн 53 бейтапка жеткен.

Комментарий жиберүү