Кыргызстанда эң ири индустриялык-логистикалык текстил паркы курулууда (фото)

Өнөр жай тармактарынын өнүгүүсүнүн дүйнөлүк тенденциясы жана ыргагы заманбап, жогорку технологиялуу жана социалдык багыттагы индустриялык жана логистикалык кластерлерди түзүү зарылдыгын талап кылууда.

Бул тенденцияларга жооп иретинде Кыргызстанда Борборазия аймагында алгачкы эң масштабдуу жана көп функциялуу комплекске айлана турган «Silk Way» индустриялык-логистикалык паркынын курулушу башталды.

Долбоор Кыргызстандын Өкмөтүнүн Текстилдик жана тигүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Казакстан Республикасы менен чек арага жакын жана «Манас» эл аралык аба майданынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан аянты 70 гектар болгон соода-өнөр жай жана текстилдик комплекстин аймагында жалпысынан соода-экспозициялык павильондор, ири текстилдик жана тигүү фабрикалары, бажы-логистикалык терминалдар болот.

Инвестор-резиденттер өздөрүнүн ишкерлиги үчүн бардык артыкчылыктарды бир жерден алышат, бул индустриялык парктын өзгөчөлүгү болуп саналат. Алар үчүн соода-өндүрүштүк жана складдык имараттарды жеке менчикке алуу үчүн ийкемдүү шарттар сунушталган.

«Silk Way» паркынын аймагынан аянт сатып алган ишкерлерге жылуулук, электр энергиясы жана суу менен камсыздоону уюштуруу зарылчылыгы жок. Алар ишке толук кандуу даярдалган имараттарды алышат.

Биринчи этапта тигүү фабрикалары жана базалык объекттердин бири болгон – административдик-көргөзмө комплекси курулат, ал өзүнө индустриялык парктын резиденттери тарабынан өндүрүлгөн текстиль, фурнитуралардын, жабдуулардын жана буюмдардын үлгүлөрүн демонстрациялоо үчүн 70 миң чарчы метрден ашык экспозициялык аянттарды камтыйт.

Долбоорду ишке ашырууга тартылган каржылык каражаттардын 100%ы – ата мекендик ишкерлердин инвестициялары экендиги маанилүү факты болуп саналат.

Индустриялык парктын кеңири мүмкүнчүлүктөрү кыргызстандык тигүү жана текстиль өндүрүшчүлөрүнө таптакыр жаңы деңгээлге чыгууга, белгилүү бренддер менен кызматташууга жана өз өндүрүмдөрүн дүйнө жүзү боюнча сатууга шарт түзөт.

Парктын резиденттерине белгилүү компаниялар жана бренддер менен байланыштарды жөнгө салууга жана келишимдерди түзүүгө, ошондой эле маркалоо, сертификациялоо жана керектүү багыттар боюнча жүктөрдү жеткирүүгө жардам көрсөтүлөт.

Долбоордун негиздөөчүсү кыргыз текстилин жана тигүү өндүрүмдөрүн Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө экспорттоо боюнча лидер – «Alpha Cargo» компаниясы.

Долбоорго ылайык «Silk Way» индустриялык паркынын аймагында 8 негизги сектор орун алат:

Соода-экспозициялык борбор

Жеңил өнөр жай өндүрүштүк ишканалары

Бажы-логистикалык борбор

Складдык имараттар

Жеңил өнөр жай Академиясы

Спорттук ат оюндары комплекси

Парк аймагы

Паркинг

Долбоордун негизги объекттеринин бири катары соода-көргөзмө комплекс саналат. Индустриялык парктын концепциясына тигүү жана текстиль тармактарынын адистерин даярдоо боюнча кесиптик окуу жайын негиздөө камтылган.

Индустриялык парктын резиденттери үчүн зарыл болгон бардык инженердик инфраструктура менен камсыздалган 75 миң чарчы метрден ашуун заманбап өндүрүштүк аянттар сунушталат.

Иш жараянына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында өндүрүштүк жумушчулар үчүн: коомдук тамактануу жайлары жана социалдык-административдик мекемелер, бейтапкана, бала бакча, жеке жана коомдук унаа үчүн токтоочу жайлар каралган.

Комментарий жиберүү