Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согушкан кыргыз жараны кармалды

УКМК тарабынан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун согушкерлеринин бири, 1993-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.У.А. кармалды.

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жаран чет өлкөдө иштеп жүргөндө дистанттык түрдө жумушка алынып, андан кийин 2015-жылдын август айында Түркия аркылуу транзит менен Сирияга кеткен.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fotkurbek.rahmanov%2Fvideos%2F492745279806543%2F%3Fidorvanity%3D687374182048063&show_text=false&width=560&t=0Мосул шаарындагы (Ирак) логистикалык лагерлерде диверсиялык жана күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин, ЭТУ тарабынан Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

Атайын комитет учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Комментарий жиберүү