Россия менен Иран БРИКСтин бирдиктүү валютасын түзүүнүн үстүндө иштеп жатат

Иран Россиянын БРИКСке төрагалык кылган иш-чараларына активдүү катышууда жана өлкөлөр биримдиктин бирдиктүү валютасын түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Бул тууралуу Ирандын Россия Федерациясындагы элчиси Казем Жалали “Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum” форумунун алкагындагы маалымат жыйынында билдирди.

Элчи белгилегендей, Иран биримдиктеги жаңы мүчө мамлекет катары БРИКСтин иш-чаралары боюнча абдан масштабдуу иштерди жүргүзүп жатат.

«Россия менен Иран биримдиктин алкагында жаңы бирдиктүү валютаны түзүүнүн үстүндө иштеп жатат», – деп белгиледи дипломат.

Жалали АКШ долларды чектөөлөрдү жаратуу үчүн колдонуп жатканын, ошондуктан өз ара эсептешүүдө улуттук валюталарды колдонуу күн тартибинде турганын белгиледи.

Россия менен Ирандын мамилеси азыр «алтын этапта» экенин баса белгилеген элчи эки тараптуу сооданын 60%дан ашыгы рубль жана риал менен жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Россиянын жана Ислам Кызматташтык Уюмунун өлкөлөрүнүн “Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum” аттуу эл аралык экономикалык форуму Казань шаарында өтүүдө. Форум Россиянын аймактары үчүн гана эмес, чет мамлекеттер үчүн да чоң мааниге ээ. Ал Казан Экспо эл аралык көргөзмө борборунда өтүп жатат.

14-майда башталган иш-чара 19-майга чейин уланат.

Белгилей кетсек, БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери бирдиктүү валютаны киргизүү мүмкүнчүлүгүн көптөн бери талкуулап келишет. Алар бул маселени август айында Түштүк Африкада өткөн саммитте көтөрүшкөн.  Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва БРИКС бирдиктүү эсептешүү валютасын түзүүнү колдогон.

БРИКС уюмуна Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка кирет. 2024-жылдын 1-январында БРИКСтин жаңы толук кандуу мүчөлөрү катары Египет, Иран, БАЭ, Сауд Арабиясы жана Эфиопия кошулган.

2023-жылдын сентябрында БРИКС өлкөлөрүнүн символикалык купюрасы басылып чыгарылган. Биримдиктин келечектеги бирдиктүү валютасы боло турган 100 брикс номиналындагы банкнотту Россиянын Түштүк Африкадагы элчиси Илья Рогачев БАЭнин элчиси Махш Саид Аль-Хамели менен Преторияда (Түштүк Африка) болгон жолугушууда ага тапшырган.

Бул банкноттун номиналы символикалык гана мааниге ээ болгону менен, ал БРИКС өлкөлөрүнүн экономикалык байланыштарды чыңдоо жана бирдиктүү валюта мейкиндигин өнүктүрүү каалоосун баса белгилейт.

Комментарий жиберүү