Иран президенти Ибрахим Раисинин кыйраган тик учагынын бөлүктөрү табылганын Кызыл Жарым Ай коомунун жетекчиси Пир Хосейн Коливанд билдирди.
Ал Кызыл Жарым Айдын издөө-куткаруу топтору тик учак кулаган жерге жетишкенин билдирди.
Иран президенти бараткан тик учак кечээ, жекшембиде кырсыктаганы маалымдалган.
Анда Ирандын түндүк-батышында Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан катуу конуу жасаганы маалымдалган.
Тик учак конгон жер так белгисиз болуп, издөө иштерин аба-ырайынын катаал шарттары жана коюу туман татаалдаштырды. Масштабдуу издөө иштери түнү бою жүргүзүлдү.
Издөө иштерине куткаруучулар тобу, Кызыл жарым ай коомунун куткаруучулары, армия, полиция жана альпинисттер тартылган.
Түркия издөө иштерине жардам көрсөтүү үчүн Ирага кечинде көрүүчү система менен жабдылган Akıncı учкучсуз учагын жана Cougar тик учагын жөнөткөн.
Akıncı учкучсуз учагынын издөө иштери YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлдү.
Окуя түндүк-батыштагы Чыгыш Азербайжан провинциясында Узи жана Пир-Дауд кыштагынын ортосундагы Дизмар токойлуу аймагында болгон.
Раиси жекшемби күнү эртең менен Азербайжанга барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен Араз дарыясында курулган “Гыз Галасы” плотинасынын ачылышына катышып кайра кайтып келе жаткан.
Президенттин кортежинде үч тик учак болгон, алар бара турган жерине аман жеткен.
Тик учактын ичинде президенттен тышкары, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, коопсуздук тобунун башчысы, жансакчылар жана эки учкуч бар болгон.