Тель-Авивде 500 миң киши Газада элдешүүнү талап кылып, көчөгө чыкты

Тель-Авивде 500 миңдей адам ХАМАС кыймылы менен элдешүү жана израилдик барымтадагыларды кайтарып берүү талабы менен нааразылык акциясына чыкты. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазып чыкты.

Барымтадагы үй-бүлөлөр форумунун эсебинде, 7-сентябрда Тель-Авивде 500 миңдей, өлкөнүн башка шаарларында 250 миңдей адам демонстрацияга чыккан.

Басылманын маалыматына караганда, барымтага алынгандардын үй-бүлөлөрү ар жуманын ишемби күндөрү нааразылык акцияларын өткөрүшөт. Бул жолу биринчи жолу демонстрация бир нече айдан бери Коргоо министрлигинин штабынын алдында өтүп жаткан өкмөткө каршы нааразылык акциялары менен айкалыштырылды.

Нааразылык акциясы учурунда полиция менен кагылышуу башталып, беш киши кармалган. Алардын бири жашы жете элек өспүрүм экени айтылууда.

 

1 of 5

-+

Комментарий жиберүү