Хуситтер Израилге ракета менен сокку урду

Жекшемби күнү эртең менен Израилдин борбордук бөлүгүндөгү көптөгөн шаарларда аба чабуулунун сиреналары жаңырып, көп өтпөй Израиль армиясы Йеменден атылган «жер-жер» үлгүсүндөгү ракета Модиин шаарына жакын жерде кулаганын жарыялады.

Израилдин Коргоо армиясы кийинчерээк алгачкы иликтөөлөр ракета абада сыныктарга бөлүнүп жарылганын көрсөткөнүн билдирди.

Ракета калк жашаган жерге түшкөн, бирок андан жабыркагандар болгон жок.

Йемендик “Ансар Аллах” кыймылы (хуситтер) сокку Тель-Авивдин жанындагы Яффа шаарындагы аскерий объектиге жасалганын жарыялаган. Кыймылдын маалымат боюнча соккудан эки миллиондой израилдик бомбадан баш калкалоочу жайларга жашынууга мажбур болгон.

Хуситтердин басма сөз катчысы Яхья Сари ракета Израилдин жана Американын абадан коргонуу системаларынан өтө алганын айтып, бул кол салуу Израилдин Ходейда портуна жасаган соккусуна жооп болгонун, ошондой эле палестиналыктарга тилектештик белгиси катары уюштурулганын белгиледи.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Йеменден Израилдин борборуна түшкөн ракета боюнча комментарий берип жатып, хуситтер Израиль мамлекетине жасаган ар кандай кол салуусу үчүн “оор бааны” төлөшү керектигин билиши керектигин билдирди.

Өткөн жылдын октябрь айында Йемендин түндүгүндөгү башкаруучу “Ансар Аллах” кыймылы Газа тилкесинде Израиль армиясы менен тирешүүдө палестиналык топторду абадан чабуулдардын жардамы менен колдой турганын жарыялаган.

Андан тышкары, хуситтер Кызыл деңизде Израиль менен байланышы бар бардык кемелерге кол салуу ниетин билдирип, башка өлкөлөрдү алардан экипаждарын чакыртып алууга жана аларга деңизде жакындабоого чакырышкан. Ошол эле учурда хуситтер аймактагы кеме жүрүү эркиндигине тоскоол болбогонун жана башка өлкөлөрдүн кемелерине тийбей турганын билдиришкен. Кол салуулардан улам кээ бир компаниялар Кызыл деңиз аркылуу жүк ташууну токтотууну чечишкен.

Комментарий жиберүү