Chamran-1. Иран космоско изилдөөчү спутнигин учурду

Иран “Chamran-1” деп аталган изилдөө спутнигин орбитага чыгарды, анын негизги милдети орбиталык маневр технологиясын сыноо болуп саналат.

Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун расмий сайтында айтылат.

“Бүгүн эртең менен “Chamran-1” изилдөө спутниги “Qaem-100″ ракета алып жүрүүчүсү аркылуу космоско учурулду жана 550 километр бийиктиктеги орбитага ийгиликтүү чыгарылды”, — деп айтылат жарыяланган билдирүүдө.

Маалыматка караганда, “Chamran-1” Жерге алгачкы сигналдарды жиберди.

Спутниктин негизги милдети орбиталык маневр жасоонун технологиясын текшерүү учун программалык жана аппараттык каражаттарды сыноо болуп саналат.

Qaem-100 Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук күчтөрү тарабынан иштелип чыккан. Ал 80 кг салмактагы спутниктерди жер бетинен 750 км бийиктикке учурууга жөндөмдүү.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук күчтөрү “Qaem-100” ракетасын колдонуу менен “Сорая” спутнигин орбитага чыгарган.

Комментарий жиберүү